77-берене. Өрт коопсуздугун камсыздоо органдарынын ишин камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) имараттар менен курулмаларга атайын же функционалдык өтмө жана кирме жолдор менен бириктирилген өрт техникасы өтүүчү өрт өтмөлөрү жана кирме жолдор;
2) сырткы өрт тепкичтери жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын кабаттарга жана имарат үстүнө көтөрүү үчүн башка каражаттар, анын ичинде "өрт бөлүнүштөрүн ташуу" иш режиминдеги лифттер;
3) чарбалык же атайын суусуз түтүктөрү жана өрт идиштери (резервуарлар), ал эми турак үйлөрдө квартира ичинде өрт өчүрүү үчүн - чарбалык-ичилүүчү суу түтүгүнүн тармагы менен бириктирилген өрткө каршы суу түтүгү;
4) эвакуациялоо жолдорун жана имарат ичиндеги өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын күчтөрү жана каражаттары жүрүүчү жолдорду түтүндөн коргоо тутуму;
5) адамдарды куткаруунун жеке жана жамааттык каражаттары.
2. Бийиктиги 10 метр жана андан ашык имараттарда өрт машиналары өтүүчү жолдун бетинен үй үстүнүн кырына же сырткы дубалдын үстүнө (парапетке) түздөн түз тепкич клеткаларынан же чатыр аркылуу же болбосо 3-типтеги тепкичтер же сырткы өрт тепкичтери боюнча чыгуу жерлери каралууга тийиш.
Чатырга чыгуу жерлеринин саны (бирок бир чыгуу жеринен кем эмес) жана алардын жайгашуусу имараттын функционалдык өрт коркунучуна жана өлчөмүнө жараша каралуусу керек:
- "Ф 1", "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" классындагы имараттар үчүн ар бир толук жана толук эмес 100 метр узундугуна жана чатыры жок жабылган ар бир толук жана толук эмес 1000 м2 аянтына бирден кем эмес чыгуу жери;
- "Ф 5" классындагы имараттардын периметри боюнча ар бир 200 метрде өрт тепкичтери боюнча.
Төмөнкүлөрдү карабоого жол берилет:
- эгерде имараттын туурасы 150 метрден ашпаса, ал эми башкы фасадынын тушунда өрткө каршы суу түтүгү бар болсо, имараттын башкы фасадында өрт тепкичтери;
- имараттын үстүнүн аянты 100 м2 ашпаса, чатырына чыгуучу жери.
3. "Ф 1.4" классындагы имараттардан тышкары кошпогондо, имараттар менен курулмалардын чатырларында өлчөмү 0,6х0,8 метрден кем эмес эшиктер, люктар же терезе аркылуу үй үстүнө чыгуучу стационардык тепкич менен жабдылган чыгуу жери каралууга тийиш.
Тепкич клеткаларынан үй үстүнө же чатырга чыгуу жерлери чыга бериштеги аянтчалуу тепкич марштары боюнча өлчөмү 0,75x1,5 метрден кем болбогон өрткө каршы 2-типтеги эшик аркылуу каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн марштар менен аянтчалар күйбөй турган материалдардан жасалууга жана жантаймасы 2:1ден ашпоого жана туурасы 0,9 метрден кем болбоого тийиш. Бийиктиги 15 метрге чейинки "Ф 1", "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" классындагы имараттарда чатырга чыга турган жолдорду тепкич торчолорунан бекитилген болот шатыча боюнча өлчөмү 0,6х0,8 метрден кем эмес өрткө каршы люктар аркылуу курууга жол берилет.
4. Техникалык кабаттарда, анын ичинде техникалык жертөлөлөрдө жана чатырларда жарыкка чыгуучу өтмөлөрдүн бийиктиги 1,8 метрден, бүт имараттын узундугу боюнча чатырда 1,6 метрден кем болбоого тийиш. Бул өтмөлөрдүн туурасы 1,2 метрден кем болбоого тийиш. Аралыгы 2 метрден ашпаган айрым участкаларда өтмөнүн бийиктигин 1,2 метрге, туурасын 0,9 метрге чейин азайтууга жол берилет.
5. Мансарддары бар имараттарда чатырлардын ичиндеги тосмо конструкцияларда люктар каралууга тийиш.
6. Чатырдын бийиктигинин 1 метрден көп өйдө-төмөн болгон жерлеринде (анын ичинде имарат үстүнө аэрациялык жарык фонарларын алып чыгуу үчүн) өрт тепкичтери каралууга тийиш.
Эгерде аянты 100 метрден ашык үй үстүнүн ар бир участкасы чатырга чыгуучу жери бар болсо же үй үстүнүн төмөнкү участкасынын бийиктиги 10 метрден ашпаса, чатырдын бийиктигинин 10 метрден ашык өйдө-төмөн болгон жерлеринде өрт тепкичтери каралбоого жол берилет.
7. 10 метрден 20 метрге чейинки бийиктикке чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктигинин 1 метрден 20 метрге чейин өйдө-төмөн болгон жерлеринде "П1" типтеги өрт тепкичтерин, 20 метрден өйдө чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктиги 20 метрден ашык өйдө-төмөн болгон жерлеринде - "П2" типтеги өрт тепкичтерин колдонуу керек.
Өрт тепкичтери күйбөй турган материалдардан жасалууга, терезелерден 1 метрден жакын жайгашпоого жана өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аскер кийимчен жана жабдыктар менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган конструкциялык аткарылышта болууга тийиш.
8. Тепкич марштарынын ортосунда жана тепкич марштарынын тосмолорунун кармоочторунун ортосунда туурасы 75 мм кем эмес бош жер каралууга тийиш.
9. Бийиктиги 5 метрден жогору "Ф 1.1" классындагы имараттар менен курулмалардын жана бийиктиги 28 метр ("Ф 1.3" классындагы имараттарды кошпогондо) функционалдык өрт коркунучу бар бардык класстардагы имараттар менен курулмалардын ар бир өрт отсегинде өрт бөлүмдөрүн транспортировкалоо үчүн лифттер каралууга тийиш. Бийиктиги 50 метр жана андан ашык "Ф 1.3" классындагы имараттарда лифтердин бири өрт бөлүмдөрүн траспортировкалоону камсыз кылууга жана атайын талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
10. Карнизге же сырткы дубалдын үстүңкү кырына (парапетке) чейинки бийиктиги 10 метрден ашык, чатыры 12 пайызга чейин жантайыңкы имараттардын, ошондой эле карнизге чейинки бийиктиги 7 метрден ашык, чатыры 12 пайызга чейин жантайыңкы имараттарда өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык тосмолордун каралуусу керек. Имараттардын бийиктигине карабастан, көрсөтүлгөн тосмолор колдонуудагы жалпак жабылган чатырларда, балкондордо, лоджияларда, сырткы галереяларда, сырткы ачык тепкичтерде, тепкич марштары менен аянтчаларда каралууга тийиш.
11. Жогорку кабаттын полунун белгиси 75 метрден ашык болгон имараттардын жабуусунда өрт вертолёту транспорттук-куткаруу кабинасы үчүн өлчөмү 5x5 метр болгон аянтчалар каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн аянтчалардын үстүнө антенналарды, электр өткөрүүчү зымдарды, кабелдерди жайгаштырууга тыюу салынат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-77" title="77-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>