76-берене. Эвакуациялык жолдорго, эвакуациялык жана авариялык чыгуу жерлерине карата өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттар менен курулмалардын эвакуациялык жолдору жана чыгуу жерлери адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга тийиш.
Эвакуациялык жолдорду жана чыгуу жерлерин эсептөө аларда колдонулуучу өрт өчүрүү каражаттарын эсепке албастан жүргүзүлөт.
2. Эвакуация жолдорунун конструкциялык элементтеринде өрт коркунучу бар курулуш материалдарын колдонуу адамдар (балдар, улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) көп топтолгон жайлар ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
3. Имараттар менен курулмалардын эвакуациялык чыгуу жерлерине төмөнкүлөр кирет:
1) 1-кабаттагы жайлардан сыртка төмөнкүдөй чыгуучу:
а) түздөн түз;
б) коридор аркылуу;
в) вестибюль (фойе) аркылуу;
г) тепкич клеткасы аркылуу;
д) коридор жана вестибюль (фойе) аркылуу;
е) коридор жана тепкич клеткасы аркылуу;
2) 1-кабаттан тышкары кандай гана болбосун кабаттын жайларынан:
а) түздөн түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке;
б) түздөн түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу коридорго;
в) түздөн түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу жери бар холлго (фойеге);
г) 3-типтеги тепкичке алып баруучу эксплуатациялануучу үй үстүнө же үй үстүнүн атайы жабдылган участогуна;
3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чыгуу жерлери менен камсыз болгон ошол эле кабаттагы коңшу жайларга ("А" жана "Б" категорияларынын "Ф 5" классындагы жайлардан тышкары). Эгерде техникалык жайларда өрт коркунучу бар ушул жайларды тейлөө үчүн жабдуулар жайгаштырылса туруктуу жумуш орундары жок техникалык жайлардан "А" жана "Б" категорияларындагы жайларга чыгуу эвакуациялык деп эсептелет.
Жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардын эвакуациялык чыгуу жерлери ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, түздөн түз сыртка алып баруучу жана башка имараттын, курулманын жалпы тепкич клеткаларынан обочолонгон болуп каралуусу керек. Ошондой эле эвакуациялык чыгуу жерлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жертөлөдөн жалпы тепкич клеткалары аркылуу тамбурга чыгуу жерлери сыртка обочолонгон чыгуу менен, алар тепкич марштар менен жертөлөнүн полунан 1 жана 2-кабаттардын ортосундагы тепкич марштарынын аралык аянтчасына чейин жайгашкан 1-типтеги өрткө каршы туюк тоскуч менен тепкич клеткасынын калган бөлүгүнөн бөлүнгөн жерлери;
- "В 4", "Г" жана "Д" категорияларындагы жайлары бар жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан "В4", "Г", "Д" категорияларындагы жайларга жана "Ф 5" классындагы имараттардын 1-кабатында жайгашкан вестибюлга чыгуу жерлери;
- "Ф 2", "Ф 3" жана "Ф 4" класстарындагы имараттардын жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттарында жайгашкан фойеден, кийим илүүчү жайдан, тамеки тартуу үчүн жана санитариялык түйүндөрдөн 2-типтеги өзүнчө тепкичтер боюнча 1-кабаттагы вестибюлга чыгуу жерлери;
- өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерде баяндалган чектөөлөр аткарылган шарттарда жайлардан түздөн түз 2-типтеги тепкичке, ушундай тепкичке алып баруучу коридорго, холлго (фойеге, вестибюлга) алып баруучу чыгуу жерлери;
- темир жол жана автомобиль транспорттору үчүн дарбазалардагы эки тарапка ачыла турган калиткалар.
4. Имараттар менен курулмалардагы авариялык чыгуу жерлерине төмөнкүдөй чыгуучу жерлер кирет:
1) балкондун (лоджиянын) капталынан айнектелген оюкка (айнектелген эшикке) чейин 1,2 метрден кем эмес же балконго (лоджияга) чыгуучу айнектелген оюктун ортосу 1,6 метрден кем эмес туюк дубалчалуу балконго же лоджияга;
2) балкондорду же лоджияларды кабат боюнча байланыштыруучу, сырткы тепкич менен жабдылган балконго же лоджияга;
3) "Ф 1.3" классындагы имараттын чектеш секциясына же чектеш өрт отсегине алып баруучу туурасы 0,6 метрден кем эмес өткөөлгө;
4) полдон - 4,5 метрден кем эмес жана + 5,0 метрден ашык эмес бийиктен өлчөмү 0,75х1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6х0,8 м люк аркылуу жайдан түздөн түз сыртка. Мында чыгуу жерлери чуңкурчага чыккан тепкич менен, люк аркылуу чыкса, жайдагы тепкич менен жабдылууга тийиш. Бул тепкичтердин жантаюусу ченемделбейт;
5) коомдук арналыштагы имараттарда (кабаттарында, жайларда) биринчи кабатта жана цоколдук кабатта авариялык чыгуу жери катары пайдаланылуучу терезе оюктарында корголуучу темир торчолор болбоого тийиш;
6) өлчөмү 0,75х1,5 м кем эмес терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6х0,8 м кем эмес люк аркылуу тик же жантайган тепкич менен "С0" жана "С1" класстарындагы отко туруктуулугу I, II жана III даражадагы имараттардын чатырына.
5. Эвакуациялык чыгуу жерлеринин оюктарында жылдырылма, көтөрүп-түшүрмө, айланма эшиктерди жана турникеттерди орнотууга тыюу салынат.
6. Кабаттардагы жана имараттардагы жайлардан эвакуациялык чыгуучу жерлеринин саны жана кеңдиги алар аркылуу эвакуациялануучу адамдардын мүмкүн болгон эң көп санына жана адамдардын болушу мүмкүн эң четтеги жерден (жумуш ордунан) жакынкы звакуациялык чыгуу жерине чейинки чектүү жол берилген аралыкка жараша аныкталат.
Имараттын өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнгөн ар кандай функционалдык өрт коркунучу бар бөлүктөрү өз алдынча эвакуациялык чыгуу жерлери менен камсыз кылынууга тийиш.
7. Кабаттан эвакуациялык чыгуу жерлеринин саны функционалдык өрт коркунучу бар төмөнкүдөй класстардагы имараттарда экиден кем эмес болууга тийиш:
1) "Ф 1.1"; "Ф 1.2"; "Ф 2.1"; "Ф 2.2"; "Ф 3"; "Ф 4";
2) "Ф 1.3" - имараттын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциялардын) жалпы аянты 500 м2 ашык болгондо, эки тепкич клеткаларынан кем эмес;
3) "А" жана "Б" категорияларындагы "Ф 5" - иштегендердин саны кыйла көп сандагы сменада 5 адамдан көп, "В" категориясында - 25 адам болгондо;
4) эгерде кабатта экиден кем эмес эвакуациялык чыгуу жерлери болууга тийиш жайлар жайгашса, кандай гана болбосун класстардагы функционалдык өрт коркунучу бар имараттарда;
5) жертөлөдөгү төмөнкү жана цоколдук кабаттардан турган, кабаттын жалпы аянты 300 м2 көп, ошондой эле эгерде аларда бир убакта 15тен көп адамдын болушу каралса, ар кандай функционалдык өрт коркунучу бар имараттарда.
бийиктиги 15 метрден бийик эмес, "Ф 1.2"; "Ф 3" жана "Ф 4.3" класстарындагы функционалдык өрт коркунучу бар имараттарда төмөнкү шарттарды бир убакта аткарганда кабаттан (же кабаттын башка бөлүктөрүнөн өрткө каршы бөгөттөр менен тосулган бөлүгүндө) бир эвакуациялык чыгуу жерин кароого жол берилет:
- кабаттын аянты 300 м2 ашпаганда;
- кабатта бир убакта болуучу адамдардын саны 20 кишиден ашпаганда;
- тепкич клеткасына чыгуу жерлери 2-типтеги өрткө каршы чыгуучу эшиктер менен жабдылганда.
"Ф 1.3" классындагы функционалдык өрт коркунучу бар имараттардын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциянын) жалпы аянты 500 м2 кем эмес болсо жана бийиктиги 15 метрден жогору жайгашкан кабаттагы ар бир квартира үчүн бир эвакуациялык чыгуу жери бар болсо, эвакуациялык чыгуудан тышкары авариялык чыгуу жери каралууга тийиш. Имараттан эвакуациялык чыгуу жерлеринин саны имараттын кандай гана болбосун кабатынан эвакуациялык чыгуу жерлеринин санынан кем болбоого тийиш.
8. Жайдын кыйла алыскы точкасынан ("Ф 5" классындагы имараттар үчүн - кыйла алыскы жумуш ордунан) эвакуация жолунун огу менен ченелүүчү жакынкы эвакуациялык чыгуу жерине чейинки чектүү жол берилген аралыгы жайдын жана имараттын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча функционалдык өрт коркунучунун классына жана категориясына, эвакуациялануучулардын санына, жайдын жана эвакуация жолдорунун геометриялык параметрлерине, имараттын конструкциялык өрт коркунучунун классына жана отко туруктуулук даражасына жараша Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Жайдагы 2-типтеги тепкич боюнча эвакуация жолунун узундугу анын үч эселенген бийиктигине барабар кабыл алынышы зарыл.
9. Эвакуация жолдору лифттер, эскалаторлор, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн участкалар аркылуу өтпөөгө тийиш:
1) эгерде лифт шахталарынын тосуучу конструкциялары, лифт шахталарынын эшиктерин кошкондо, өрткө каршы бөгөттөргө коюлуучу талаптарга жооп бербесе, лифт шахталарынан коридорлорго чыгуу аркылуу, лифт холлдору жана лифттердин алдындагы тамбурлар аркылуу;
2) тепкич клеткасынын аянтчасы коридордун бөлүгү болуп саналганда тепкич клеткалары аркылуу, ошондой эле эвакуациялык болуп саналбаган 2-типтеги тепкич жайгашкан жай аркылуу;
3) пайдаланылуучу үйдүн үстүн же конструкция боюнча пайдалануудагы үйдүн үстүнө окшош үстүн атайын жабдылган участкасын кошпогондо имараттардын үстү боюнча;
4) экиден көп кабаттарды (ярустарды) бириктирген, ошондой эле жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан чыгуучу 2-типтеги тепкичтер боюнча;
5) жер алдындагы жана жер үстүндөгү кабаттарды бириктирүү үчүн тепкичтер жана тепкич клеткалары боюнча.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-76" title="76-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>