74-берене. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугуна жана өрт коопсуздугуна карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2020 года № 66
1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы алардын кабаттуулугуна, функционалдык өрт коркунучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш.
Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган отко туруктуулук даражасына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасынын жана аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин ылайыктуулугу курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтурууну кошпогондо, оюктардын (эшиктердин, дарбазалардын, терезелердин жана люктардын, ошондой эле фонарлардын, анын ичинде зениттик жана башка жапма төшөлгүчтөрүнүн жарык-тунук участкаларын) толтурулушунун отко туруктуулук чектери ченемделбейт. (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы алардын кабаттуулугуна, функционалдык өрт коркунучуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучуна жараша белгиленүүгө тийиш.
Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучунун классы имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган конструкциялык өрт коркунучунун классына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы менен аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын конструкциялык өрт коркунучунун классынын ылайык келүүсү белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын кошпогондо, имараттардын тосуучу конструкцияларынын оюктарын (эшиктерин, дарбазаларын, терезелерин жана люктарын) толтуруунун өрт коркунучу ченемделбейт. "Ф 1.1" функционалдык өрт коркунучундагы имарат үчүн "К0" классындагы сырткы жылуулоо тутумдарын колдонгондо аларда күйбөөчү материалдарды пайдалануу керек.
3. Курулуш конструкцияларынын жол берилген отсо туруктуулук чектерин жана өрт коркунучунун класстарын аныктоо боюнча сыноолордун усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июня 2020 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении пожарной безопасности"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…участкаларын) толтурулушунун отко туруктуулук чектери ченемделбейт.
алынып салынды: "Н1" тибиндеги түтөбөөчү тепкич клеткасында "К0" өрт коркунучунун "R 15" классындагы отко туруктуулук чеги менен тепкич аянтчаларын жана марштарын кароого жол берилет.
кошулду: (Абзац КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык … тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
кошулду: (КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2020 · № 66 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-74" title="74-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>