73-берене. Өндүрүш объекттериндеги өрт коркунучун талдоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Технологиялык процесстердин өрт коркунучун талдоо технологиялык процессте жүгүртүлүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүн технологиялык процесстин параметрлери менен салыштырууну карайт.
Агрегаттык абалына жараша технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуулук мүнөздөмөсү үчүн зарыл жана жетиштүү болгон технологиялык процессте жүгүртүлүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүнүн тизмеги белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарт менен аныкталат. Технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуу тутануучу потенциалдык булактарынын тизмеги технологиялык процесстин жана башка тутануу булактарынын параметрлерин заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү менен салыштыруу аркылуу аныкталат.
2. Өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалдарды аныктоо ар бир технологиялык процесстин өрт коркунучун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш жана ишке ашырууда өрттүн коркунучтуу факторлору жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин экинчи кесепеттери жабыркаткан зоналардагы адамдар үчүн коркунуч келип чыгуучу кырдаалдарды тандоону карайт. Натыйжасында адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч пайда болбогон кырдаал өрт коркунучу бар кырдаалдарга кирбейт.
Ар бир өрт коркунучу бар кырдаал үчүн өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалдардын келип чыгуу жана күчөө себептерин, алардын чыгуу жерин жана ал жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү өрт факторлорду баяндоолор келтирилүүгө тийиш.
3. Өрт коркунучу бар кырдаалдардын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна жана тутануу булагынын келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон окуялар белгиленүүгө тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-73" title="73-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>