Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
68-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарда өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн айылдык калктуу конуштардын аймагына дислокациясынын чыгуу радиусу 25 км, ашык эмес аныкталат, мында биринчи бөлүмдүн жетүү убактысы 25-40 мүнөттөн ашпоого тийиш, 5 км ашпаган шаардык калктуу конуштарда жетүү убактысы 10 мүнөттөн ашпоого тийиш.
Ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн, муниципалдык өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн дислокациялоо орду тиешелүүлүгүнө жараша чарбалык ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
2. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү өрт деполорунун имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Шаардык калктуу конуштар үчүн бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны 6 адамдан кем болбоого жана айылдык калктуу конуштар үчүн - 4 адамдан кем болбоого тийиш. Шаардык калктуу конуштарда бир өрт депо 100 миң адамды тейлейт, ал эми айылдык калктуу конуштарда - 30 миң адамды.
3. Мамлекеттик өрттүн алдын алуунун, ошондой эле мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын санына жана чарба объектилеринин санына негизденип аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-68" title="68-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>