Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
67-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды өрткө каршы суу менен камсыздоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен камсыздоо булактары каралууга тийиш.
Өрткө каршы суу менен камсыздоонун сырткы булактарына өрт гидранттары бар сырткы суу түтүк тармактары, өрт көлмөлөрү (резервуарлар) кирет. Өрт көлмөлөрү жана резервуарлары суу менен камсыз кылууга ар дайым даяр болушу керек.
2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштар өрт гидранттары бар өрткө каршы суу түтүктөрү менен жабдылууга тийиш. Мында өрткө каршы суу түтүгүн чарбалык-ичилүүчү же өндүрүштүк суу түтүгү менен бириктирүүгө жол берилет.
3. Жашоочуларынын саны 5000 адамга чейинки калктуу конуштар үчүн, ошондой эле өрткө каршы айланма суу түтүгү жок калктуу конуштарда жайгашкан көлөмү 1000 м3 чейинки өзүнчө турган коомдук имараттар үчүн, жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча "В", "Г" жана "Д" категорияларындагы өндүрүшү бар сырткы өрт өчүрүүгө 10 л/с (секундуна литр) суу чыгымдай турган өндүрүш имараттары үчүн, көлөмү 1000 м3 чейинки кесек тоют кампалары, көлөмү 5000 м3 чейинки минералдык жер семирткич кампалары, радиотелекөрсөтүүлөрдү берүү станцияларынын имараттары, муздаткычтар менен жашылча-жемиштерди сактоочу жайлардын имараттары үчүн өрткө каршы сырткы суу менен жабдуу үчүн табигый же жасалма көлмөлөрдү кароого жол берилет.
4. Жашоочуларынын саны 50 адамга чейинки калктуу конуштар үчүн, бийиктиги 2 кабатка чейинки курулуш имараттар курулганда, ошондой эле калктуу конуштардан обочо жайгашкан, имаратынын көлөмү 1000 м3 чейинки коомдук тамактануу ишканалары жана калктуу конуштарда жайгашкан аянты 150 м2 чейинки соода ишканалары, отко туруктуулугу I, II, III жана IV даражадагы, көлөмү 250 м3 чейинки коомдук имараттар, отко туруктуулугу I жана II даражадагы, көлөмү 1000 м3 чейинки (корголбогон металл же көтөрүүчү жыгач конструкциялуу, ошондой эле полимер жылуулагычтуу, көлөмү 250 м3 чейинки имараттарды кошпогондо) "Д" категориясындагы өрт жана жарылуу өрт коркунучу бар өндүрүштүк имараттар, имаратынын көлөмү 1000 м3 чейинки сезондук универсалдуу айыл чарба азыктарын кабыл алуу-даярдоо пункттары, аянты 50 м2 чейинки кампа имараттары үчүн сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен камсыздоону карабоого жол берилет.
5. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, ар түрдүү функционалдык арналыштагы, кабаттагы жана көлөмдөгү имараттарда жана курулмаларда сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо, ошондой эле өрт өчүрүү тутумун долбоорлоо жана орнотуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларына, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аныкталат.
6. Жогорку басымдагы суу түтүктөрүндө стационардык өрт өчүрүү сордургучтар өрт чыккандыгы тууралуу сигнал берилгенден 5 мүнөттөн кеч эмес убакытта сордургучтун иштей башташын камсыз кылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
Төмөнкү басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы эң төмөнкү эркин суу басымы (жер бетинин деңгээлинде) өрт өчүрүүдө 10 метрден кем болбоого тийиш. Жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы эң төмөнкү эркин суу басымы өрт өчүрүүгө сууну толук чыгымдаганда жана өрт түтүгү эң бийик имараттын эң бийик жеринде турганда суунун жыйнактуу агымын 20 метрден кем эмес бийиктикке атылышын камсыз кылууга тийиш.
7. Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото жолдун өтүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашык эмес аралыкта, бирок имараттардын дубалдарына 5 метрден жакын эмес аралыкта орнотуу каралат; гидранттарды машина өтүүчү бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилет. Мында гидранттарды суу түтүктөр тармагынан бутактап кеткен жерге орнотууга жол берилбейт.
Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагына жайгаштыруу ошол тармак аркылуу тейленген ар кандай имаратта, курулмада же анын бөлүгүндө сырткы өрт өчүрүүгө 15 л/с (секундуна литрден) жана андан көп сууну чыгымдоодо эки гидранттан жана 15 л/с (секундуна литрден) аз чыгымдоодо бир гидранттан камсыз кылынууга тийиш.
8. Багбанчылык (дача) бирикмесинин жалпы пайдалануу аймагында өрт өчүрүүнү камсыз кылуу үчүн участкалар 300 бирдикке чейин болсо сыйымдуулугу 25 м3 кем эмес, 300 бирдиктен көп болсо сыйымдуулугу 60 м3 кем эмес өрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар (ар бири сордургуч менен суу алуу жана 2ден кем эмес өрт автомобилинин келүү мүмкүнчүлүгү бар, өрт техникасын орнотуу үчүн аянтчасы менен) каралат.
9. Сырткы өрткө каршы суу түтүктөргө талаптар, ошондой эле өрт гидранттарынын зарыл саны жана жайгаштыруу орду тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-67" title="67-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>