65-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында өрт-жарылуу коркунучу бар объекттерди жайгаштыруу
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өнөр жай коопсуздугу тууралуу декларация милдеттүү түрдө иштелип чыгуучу (мындан ары - өрт-жарылуу коркунучу бар объекттер) өрт-жарылуу коркунучу бар заттар менен материалдар өндүрүлүүчү, пайдаланылуучу, кайра иштетилүүчү, жасалуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу коркунучтуу өндүрүш объекттери шаардык жана айылдык калктуу конуштардын сыртына жайгаштырылууга тийиш.
Эгер бул мүмкүн болбогон же максатка ылайык келбеген учурда, объектинин аймагынын сыртында турган адамдарды, имараттарды жана курулмаларды өрттүн жана (же) жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо боюнча чаралар иштелип чыгууга тийиш. Аймагында "А", "Б" жана "В" категорияларындагы өрт-жарылуу жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар жайгашкан башка өндүрүш объекттери шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймагында да, алардын сыртында да жайгаштырылышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн объекттерди шаардык жана айылдык калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууда коңшу корголуучу объекттерге өрттүн коркунучтуу факторлорунун мүмкүн болгон таасирлерин, жердин климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн, рельефин, дарыялардын агымынын багытын жана шамалдын көбүрөөк соккон багытын эске алуу зарыл. Мында өндүрүш объектинин участогунун чек арасынан "Ф1" - "Ф4" функционалдык коркунуч классындагы имараттарга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участокторуна чейинки аралык 50 метрден кем болбоого тийиш. Курулушка жер участогун бөлүп берүүгө, жайгашуусуна жана жайгаштырууга талаптар, ошондой эле өндүрүш объекттерин коркунуч өндүрүш объекттерине таандык кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары, тиешелүү курулуш ченемдерине жана эрежелерине, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык белгиленет.
2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды аймактык зоналарга бөлүштүрүүдө аларды жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү стандарттарда каралган талаптары, ошондой эле турак жай, коомдук, өндүрүштүк зоналардын, инженердик жана транспорттук инфратүзүм зоналарынын, айыл чарбасында пайдаланылуучу зоналардын, рекреациялык арналыштагы зоналардын, өзгөчө кайтаруудагы аймактардын зоналарынын, атайы арналыштагы зоналардын, аскердик объекттер жайгашкан зоналардын жана аймактык зоналардын башка түрлөрүнүн ортосундагы аралыктары сакталууга тийиш.
3. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын турак жай, коомдук-ишкердик жана рекреациялык зоналарынын чегинде "А", "Б" жана "В" категорияларындагы өрт-жарылуу жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар аймагында орун албаган өндүрүш объекттерин жайгаштырууга жол берилет. Мында өндүрүш объектинин участкасынын чек арасынан турак жайларга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралык тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Адамдарга жана турак жай имараттарына турак жай курулуштарынын чегинде жайгашкан өрт-жарылуу коркунучу бар объекттердеги өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасирин четтетүү мүмкүн болбогон учурда кубаттуулукту азайтууну, ишканалардын же өзүнчө өндүрүштүн профилин кайра өзгөртүүнү же аны турак жай курулуштарынын чегинен чыгарып кетүүнү кароо керек.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-65" title="65-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>