64-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландоодо шаар куруу документтерине карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоо жана курулушу ушул Мыйзамдын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жана өрт коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алган шаар куруу документтерине, шаарлар менен калктуу конуштардын (деталдуу пландоо долбоору менен) башкы пландарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарын курамы жана функционалдык мүнөздөмөсү долбоордук документтерге "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмеги" деген бөлүк түрүндө кирүүгө тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
64-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-64" title="64-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>