Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жана узактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкү класстарга бөлүнөт:
0 класс - жарылууга коркунучтуу газ аралашмасы дайыма же бир саат бою бар болуучу зоналар; 1 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде ысык газдар же аба менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзгөн оңой от алуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыкккан жайларда жайгашкан зоналар; 2 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде күйүүчү газдардын же тез от алуучу суюктуктардын бууларынын аба менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды түзүлбөйт, ал эми технологиялык жабдуулардын авариясынын же оң болбоосунун натыйжасында гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зоналар; 3 класс - күйүүчү чаңдын аба менен болгон жарылууга коркунучтуу аралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/м3 аз болгон жана дайыма болуучу зоналар; 4 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде абада тең салмак абалга өтүүчү жана 65 г/м3 жана андан аз концентрацияда аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү күйүүчү чаңдар же булалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 5 класс - жабдуулар иштин демейки режимдеринде иштегенде 65 г/м3 жана андан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чаңдардын же буларлардын жарылууга коркунучтуу аралашмалары түзүлбөй, бирок күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын технологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оң эместигинин гана натыйжасында түзүлүшү мүмкүн болуучу жайларда жайгашкан зоналар.
2. Жарылуу коркунучу бар зоналардын көрсөткүчтөрүн классификациялоо электр түзүлүштөрдүн түзүлүш эрежелери менен аныкталат.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-19" title="19-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>