18-берене. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Жайлардын ичинде жана сыртында жайгаштырылуучу, алардын чегинде дайыма же маал-маалы менен күйүүчү (өрттөнүүчү) заттар жүгүртүлгөн жана нормалдуу технологиялык процессте же анын бузулушунда орун алышы мүмкүн электр орнотмолорунун колдонуу жаатын аныктоо максатында өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо белгиленет.
Объекти өрт коркунучу бар зоналардын классына киргизүү жана өрт коркунучу бар зоналардын чек араларын аныктоо долбоордук документтерге ылайык, ал эми эксплуатациялануучу объекттер боюнча - объекттин менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт. Өрт коркунучу бар зоналар төмөнкү класстарга бөлүнөт:
- "П-I" классындагы өрт коркунучу бар зона - от алуу температурасы +61ºС жогору күйүүчү суюктуктар бар жайлардагы мейкиндик;
- "П-II" классындагы өрт коркунучу бар зона - күйүүчү чаң же була топтолушу жана бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жайлардагы мейкиндик;
- "П-IIa" классындагы өрт коркунучу бар зона - күйүүчү катуу заттар менен материалдар бар жайлардагы мейкиндик;
-"П-III" классындагы өрт коркунучу бар зона - от алуу температурасы 61ºС жогору күйүүчү суюктуктар же күйүүчү катуу заттар бар жайлардан сырткары мейкиндик. Күйүүчү заттар болгон аппараттан туурасынан жана тикесинен 5 метрге чейинки жайлардагы же алардын чегинен сырткары, бирок технологиялык процесс ачык отту, ысыган бөлүктөрдү колдонуу менен жүргүзүлгөн зоналар же ысык буулардын, чаңдын же булалардын өзүнөн өзү күйүп кетүүчү температурага чейин ысытылган сырты бар технологиялык аппараттар алардын электр жабдуулар бөлүгүндө өрткө коркунучтуу зоналарга таандык болбойт.
2. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо электр орнотмолорунун түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык классификациялык көрсөткүчтөргө жараша белгиленет.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-18" title="18-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>