124-берене. Экспертиза
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Коргоо объекттеринин, өрткө каршы коргоо тутумдарынын, өрт техникасынын, өрткө каршы жабдуулардын жана өрт-техникалык куралдарын өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин (эксплуатациялоодон чыгаруунун) долбоордук документтеринин экспертизасы шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоодо, имараттарды, курулмаларды, жеке турак үйлөрдү жана башка коргоо объекттерин долбоорлоодо ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайыктуулугуна жүргүзүлөт.
2. Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарын, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү (эксплуатациялоодон чыгаруу) процесстерин ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайыктыгын баалоо үчүн экспертизалар, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу органдары;
2) мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары;
3) өрт коопсуздугу жаатындагы аккредитацияланган сыноо лабораториялары.
3. Жер астындагы иштетүүлөр жана шахталар объекттеринде, темир жол объекттеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эксаймактык объекттерде коргоонун, улуттук коопсуздуктун, жазык-аткаруу тутумунун, мамлекеттик чек араны коргоонун маселелерин караган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын коргоо объекттеринин, алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу тутумдарынын, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин экспертизалары, текшерүүлөрү, изилдөөлөрү жана сыноолору тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
124-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-124" title="124-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>