Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
123-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) өрт коопсуздугу жаатындагы негиз болуучу ченемдик укуктук актыларды, шаардык жана айылдык калктуу конуштардын, ошондой эле чарба жүргүзүү объекттеринин өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча негизделген сунуштоолорду иштеп чыгууну;
2) өрттөрдүн келип чыгуу себептерин жоюуга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууну;
3) мүмкүн болуучу өрттөрдүн таралышын чектөөнү, өрт чыккан учурда адамдарды жана мүлктү ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүүнү;
4) келип чыккан өрттү өз убагында табууну жана өрт жөнүндө адамдарга тез маалымдоону камсыз кылууну;
5) өрткө каршы кызматтын бөлүмдөрүнүн ыкчам чакырылышын камсыз кылууну жана өрттү ийгиликтүү өчүрүү үчүн шарт түзүүнү.
2. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) өрт коопсуздугу жаатында илимий изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн координациялоо жана уюштуруу;
2) өрттөрдү жана аларга байланыштуу кокустук учурларды териштирүү жана алгачкы текшерүү, болгон өрттөр боюнча эсепке алууну, статистиканы жана тиешелүү талдоону жүргүзүү;
3) окуу сабактарын, тактикалык машыгууларды өткөрүү, кадрларды даярдоо, бөлүмдөргө, ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн коргоо уюмдарына өрттүн алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыкты уюштурууга жардам көрсөтүү;
4) өрт коопсуздугу жаатында үгүттөө жана пропагандалоо үчүн багытталган окуу куралдарын жана плакаттарды, буклеттерди, китепчелерди иштеп чыгуу, басып чыгаруу, видеороликтерди, фильмдерди жана анимациялык фильмдерди тартууларды жүргүзүү.
3. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) курулушка жер участогун бөлүп берүү, коргоо объекттерин долбоорлоо, куруу, багытын кайра өзгөртүү, кайра пландоо, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык жактан кайрадан жабдуу жана функционалдык арналышын өзгөртүү стадиясында "Өрткө каршы иш-чаралар" долбоордук документтер бөлүмүн милдеттүү макулдашуу жолу менен андан ары долбоорлоо жана куруу үчүн тиешелүү корутунду берүү менен;
2) чарба жүргүзүү жана турак жай объекттерин эксплуатациялоо стадиясында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өлкөбүздөгү өрткө каршы жагдай жөнүндө калкты маалымдоо жолу менен;
3) өрткө каршы коргоонун автоматтык тутумдарын долбоорлоо стадиясында долбоордук документтерди макулдашуу жолу менен, ошондой эле аларды туташтыруу жөнүндө тиешелүү актыны жана ошол тутумдарды сыноо протоколун түзүү жолу менен "101" ыкчам шашылыш кызматынын борбордук пунктуна милдеттүү туташтырууда.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 214 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2019 · № 214 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 214 токтомуПостановление · 06.05.2019 · № 214
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-123" title="123-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>