Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
113-берене. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонууга карата талаптар жана алардын өрт коркунучу жөнүндө маалыматтар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Текстиль жана булгаары материалдары имараттардын, курулмалардын функционалдык арналышына жана өрт коркунучуна же аларды жасоо үчүн пайдаланылган буюмдардын арналышына жараша колдонулат.
2. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө карата белгиленет.
Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын классификациялык жалындагыч белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет.
3. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары атайын коргоочу кийимдердин типтерине жараша 5тен 40 кВт/м2 чейинки кубаттуулуктагы жылуулук агымы таасир эткенде үлгүнүн (материалдардын пакетинин) аркы бетинде 50ºС температурага жетүү убактысы менен мүнөздөлүүчү жылуулуктан коргоону камсыз кылууга тийиш.
4. Материалдардын, коргоочу кийимдердин жылуулуктан коргоо натыйжасынын классификациялык белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
5. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары ачык жалындын таасирине туруктуулугу боюнча үлгүгө келген жылуулук агымынын тыгыздык мааниси 80 кВт/м2 болгондой газ берүүнүн жана анын чыгымдалышын жөнгө салуунун газ горелкасынын жалынына таасир көрсөткөндө температуранын 240ºС көбөйгөн убакыт менен мүнөздөлөт.
6. Материалдардын, атайын коргоочу кийимдердин ачык жалындын таасирине туруктуулугунун классификациялык белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттарга ылайык менен белгиленет.
7. Текстиль жана булгаары материалдарынан жасалган театрдык жумшак декларациялар өрттөн коргоочу курам менен терең сиңирилип иштетилүүгө тийиш.
8. Текстиль жана булгаары буюмдарына карата коштомо документтерде алардын өрт коркунучу жана имараттар менен курулмаларда же ар түрдүү функционалдык арналыштагы буюмдарда колдонулушу жөнүндө маалыматты көрсөтүү зарыл.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-113" title="113-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>