112-берене. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонууга карата өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдары алардын функционалдык арналышына жана өрт коркунучуна жараша колдонулат.
Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонууга карата өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө карата белгиленет жана белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен белгиленет. Заттар менен материалдардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттарга ылайык маркалоого ылайык келүүгө тийиш.
2. "А", "Б" жана "В1" категорияларынын "Ф 5" классындагы оңой от алуучу суюктуктар чыгарылуучу, колдонулуучу же сакталуучу жайлардын полу күйбөй турган материалдардан же "Г1" күйүү тобундагы материалдардан салынышы керек.
Жайлардагы же адамдарды эвакуациялоо жолдорундагы асма шыптардын каркастары күйбөй турган материалдардан гана жасалышы керек. Турак жай жана коомдук имараттарды күйүүчү материалдар менен жасалгалоо жана жылуулоо боюнча иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ар түрдүү функционалдык арналыштагы, кабаттуулуктагы жана сыйымдуулуктагы имараттарда жасалгалоо-кооздоо, каптоочу материалдардын жана эвакуация жолдорунун полуна төшөгүчтөрдүн колдонуу жааты белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттары жана курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
3. Уктоочу бөлмөлөрдө жана палаталарда, ошондой эле "Ф 1.1" классчасындагы балдар топторунун жайларында "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы жасалгалоо-кооздоо материалдарын жана полго төшөгүчтөрдү колдонууга жол берилбейт.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин музыкалык жана дене тарбия залдарындагы дубалдардын жана шыптардын жасалгасы "КМ0" классындагы материалдардан жасалууга тийиш. Физиотерапиялык процедура бөлмөлөрүндө дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМЗ" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Диагностикалык жайларда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Операциялык жана реанимациялык жайларда дубалдын, шыптын жана асма шыптардын толтурууларынын жасалгасы үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 1.2" классчасындагы имараттардын турак жайларында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ4" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ4" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 2.1" классчасындагы имараттардын кийим чечүүчү жайларында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ1" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Окуу залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Китеп сактоочу жайларда жана архивдерде, ошондой эле кызматтык каталогдордун жана дубалдарынын жана шыптарынын жасалгасы үчүн "КМ0" классындагы материалдардан кароо керек. "Ф 2.2" классчасындагы имараттардын демонстрациялык залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. Бий залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 3.1" классчасындагы имараттардын жайларынын соода залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт. "Ф 3.3" классчасындагы имараттардын күтүү залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулар "КМ0" классындагы материалдардан аткарылууга тийиш. "Ф 3.4" классчасындагы имараттардын диагностика жана процедура кабинеттеринде дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн "КМ2" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн "КМ3" классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
112-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-112" title="112-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>