40-берене. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы үчүн кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда, анын штатын кыскартууда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чектеринде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун болбогон учурда жана иштен бошотулуп жаткан кызматчы макул болгондо, ага төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурда иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактап калуу менен төмөн турган категориядагы же базалык ставкасы төмөн болгон башка кызмат орду берилет.
2. Сунуш кылынган кызмат ордунан баш тарткан учурда, кызматчы иштен бошотулат жана анын каалоосу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана жеке сектордо аны ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кайра даярдоого жиберилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганына, кайра уюштурулганына же штатын кыскартылганына байланыштуу кызматтан бошотууда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт:
1) ошол органдагы иштеген толук жылдарынын санына эмгек акынын орточо айлык өлчөмүнүн төрттөн бирин көбөйтүү жолу менен аныкталган, бирок мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынан төмөн болбогон иштен кетүү жөлөкпулу;
2) эгерде кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 айдын ичинде мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы.
4. Кызматчынын орточо эмгек акысы кызматчынын мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген акыркы 12 айдын ичиндеги төлөмдөрдүн негизинде эсептелет.
5. Ушул беренеде каралган негиздер боюнча кызматтан бошонуп жаткан (бошотулган) адамдын арызы боюнча бул адам кадрлардын ички резервине киргизилиши мүмкүн.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-40" title="40-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>