39-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга социалдык кепилдиктер жана компенсациялар
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Кызматчыларды башка жерге кызматка которууда, аларга көчүүгө жана жаңы жердеги убактылуу турак жайга чыгымдарына Өкмөт тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөнөт.
2. Кызматчыларга кызматтык иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө иш сапарларга чыгашаларынын ордун толтурууга кепилдик берилет. Кызматчыларга мыйзамдарда каралган башка компенсациялар, анын ичинде өзгөчө татаал шарттардагы иши, ашык иштеген сааттары, жумушчу эмес, майрам жана дем алыш күндөрүндөгү иши үчүн акчалай сыйакы берилет.
3. Кызматчылар жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү Өкмөт тарабынан аныкталуучу шарттарда жана тартипте мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык тейлөөдөн пайдаланышат.
4. Кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарганына байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген учурларда, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде ооруп калганы же эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкону үчүн Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик бюджеттин жана башка камсыздандыруу фонддорунун каражаттарынан милдеттүү камсыздандырууга жатат.
5. Кызматчы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калган учурда, ага жөлөкпул төлөнөт, анын өлчөмү Өкмөт тарабынан аныкталат.
6. Кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда курман болгон учурда, курман болгондун үй-бүлөсүнө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.
7. Кызматчы мыйзамдарга ылайык пенсия алууга укуктуу.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-39" title="39-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>