27-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы сыноо мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Биринчи жолу кызматка кирип жаткан кызматчынын кесипкөй сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөп берүү менен 3 айлык сыноо мөөнөтү менен аны кызмат ордуна дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгили жана жүйөлүү себептер боюнча кызматчы жумушта болбогон мезгил кирбейт.
2. Конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча 3 айлык сыноо мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызматта эмгек стажы бар адамдар үчүн белгилениши мүмкүн.
3. Сыноо мөөнөтү аяктаганда кызматчыны баалоо жүргүзүлөт, ошонун негизинде анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгерде баалоонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен кызматтан бошотулат.
4. Кызматчыны кийинки баалоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
5. Сыноо мөөнөтү өтүп жаткан мезгилде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-27" title="27-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>