26-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өздүк көктөмөсү
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Кызматчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылат. Өздүк көктөмө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында өздүк көктөмө тиешелүү түзүмдүк бөлүм же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда анын өздүк көктөмөсү көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет, Бир кызматчыга бир нече өздүк көктөмө жүргүзүүгө жол берилбейт.
4. Кызматчылардын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, алардын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жыйноого жана өздүк көктөмөсүнө киргизүүгө тыюу салынат.
5. Өздүк көктөмөлөрдү жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк көктөмөгө киргизилүүгө жаткан маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.
6. Кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматчы өздүк көктөмөсүндө камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер менен таанышууга укуктуу.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген)
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын…Порядок · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-26" title="26-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>