24-берене. Өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2019 года № 109
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленет.
2. Президент төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:
1) Президенттин Аппарат Жетекчисинин орун басарларын;
2) Президенттин консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;
3) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин;
4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Президенттин атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;
5) Конституция жана башка ченемдик укуктук актылар менен анын номенклатурасына киргизилген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын;
6) Президенттин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу иш-милдеттери кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларын.
3. Жогорку Кеңештин Төрагасы төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:
1) Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин орун басарларын;
2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;
3) Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;
4) компетенциясына Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу кирген, кызмат орду Жогорку Кеңештин Төрагасынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдын кызматчыларын.
4. Премьер-министр төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат;
1) Өкмөттүн Аппараттын жетекчисинин орун басарларын;
2) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;
4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Өкмөттүн атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;
5) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар менен анын компетенциясына таандык кылынган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, мамлекеттик органдардын ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөрүнүн жетекчилерин.
5. Жогорку соттун төрагасы атайын Мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:
1) Жогорку соттун Аппарат жетекчисин;
2) Жогорку сотко караштуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин;
3) Жогорку сотко караштуу судьялардын билим берүү борборунун жетекчисин;
4) башкы сот приставын.
6. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы атайын мыйзамда белгиленген тартипте Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырат.
7. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн Аппараттарынын жетекчилери тиешелүү аппараттарда ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө белгиленбеген кызматчыларды кызматка дайындоону жүзөгө ашырышат.
8. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу иш-милдеттерине кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери тиешелүү мамлекеттик органдарда ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн кызматчыларды кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.
9. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери адамдарды патронаттык кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырышат.
10. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери ушул шаарлардын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык вице-мэрлердин жана мэриялардын райондук администрацияларынын жетекчилеринин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.
11. Шаарлардын мэрлери мыйзамдарга ылайык вице-мэрлерди кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.
12. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл тургундарынын жыйынынын макулдугу менен айыл башчысын дайындоону жүзөгө ашырат.
13. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу айрым административдик кызмат орундарынын тизмеги кызмат орундарынын реестринде көрсөтүлөт.
13-1. Ушул беренеде белгиленген кызмат орундарына дайындоодо Кадрлардын улуттук резерви пайдаланылышы мүмкүн.
14. Мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Жогорку сот тарабынан белгиленет.
15. Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери Өкмөт тарабынан белгиленет.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48, 2019-жылдын 30-июлундагы N 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 30 июля 2019 года № 109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Жогорку сотко караштуу судьялардын билим берүү борборунун алынып салынды: жетекчисин.
кошулду: жетекчисин;
4) башкы сот приставын.
6. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы атайын мыйзамда … Өкмөт тарабынан белгиленет.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N алынып салынды: 48 Мыйзамынын кошулду: 48, 2019-жылдын 30-июлундагы N 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)алынып салынды: Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүү тартиби жөнүндө" токтому;
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу бутагындагы мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте…Постановление · 30.06.2016 · № 833-VI · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 320 токтомуПостановление · 11.07.2018 · № 320
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-24" title="24-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>