18-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48
18-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 18-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу. Кадрлар резерви улуттук жана ички резервден турат.
2. Кадрлардын улуттук резерви башкы жана жогорку административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат.
3. Кадрлардын улуттук резерви төмөнкү талапкерлердин арасында конкурстарды өткөрүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт:
1) кызматтык жогорулоого талапкер кызматчылардын;
2) баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча кызматчылардын;
3) квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.
3-1. Кадрлардын улуттук резерви, аны ичинде дайындоосу ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык өзгөчө (конкурстан сырткары) тартипте жүзөгө ашырыла турган кызмат орундарын ээлөөдө пайдаланылышы мүмкүн.
4. Кадрлардын ички резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат.
5. Кадрлардын ички резерви төмөнкүлөрдөн турат:
1) баалоонун натыйжалары боюнча сунуш кылынган ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылардан;
2) органдын кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдардан;
3) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышкан, жогорку натыйжаларды көрсөтүшкөн, бирок дайындоого сунуш кылынбаган кызматчылардан, ошондой эле башка адамдардан;
4) аскер кызматына чакырылганына же аны алмаштыруучу альтернативдик жарандык кызматка жөнөтүлгөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган адамдардан.
6. Кадрлардын ички резерви тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан түзүлөт.
7. Кадрлардын ички жана улуттук резервдерин түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген); Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген)
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"Редакцияларды салыштыруу
12.04.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын. кошулду: 3-1. Кадрлардын улуттук резерви, аны ичинде дайындоосу ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык өзгөчө (конкурстан сырткары) тартипте жүзөгө ашырыла турган кызмат орундарын ээлөөдө пайдаланылышы мүмкүн. 4. Кадрлардын ички резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына … бирок дайындоого сунуш кылынбаган кызматчылардан, ошондой эле башка кошулду: адамдардан; 4) аскер кызматына чакырылганына же аны алмаштыруучу альтернативдик жарандык кызматка жөнөтүлгөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулган адамдардан. 6. Кадрлардын ички резерви тиешелүүлүгүнө жараша … түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат. кошулду: (КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана…
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-18" title="18-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>