15-берене. Класстык чендер
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Класстык чен - бул административдик кызмат ордун ээлеген кызматчылардын ар бирине өзүнчө ыйгарылуучу атайын наам.
2. Класстык чендер административдик кызмат орундарынын топторуна жана категорияларына ылайык келет.
3. Класстык чендер, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 11-13-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, ишти баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарылат.
4. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
1) мамлекеттик жарандык кызматтан кенже инспектору;
2) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
3) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
4) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
5. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:
1) муниципалдык кызматтын кенже инспектору;
2) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;
3) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;
4) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-15" title="15-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>