14-берене. Квалификациялык талаптар
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48
1. Административдик кызматчыларга карата квалификациялык талаптарга төмөнкүдөй талаптар киргизилет:
1) стажга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө карата;
2) административдик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына карата;
3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө карата.
2. Административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн иш стажына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кенже кызмат орду - иш стажына талаптар коюлбайт;
2) улук кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) башкы кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
4) жогорку кызмат орду - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №14 чечемин
2-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы, анын ичинде СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматтагы эмгек ишинин, мурдагы СССРдин партиялык, комсомолдук жана мамлекеттик органдарынын аппараттарындагы ишинин, ошондой эле убактылуу болбогон кызматчынын ордун ээлөө боюнча эмгек ишинин убактысы кирет.
3. Административдик кызмат орундары үчүн билим деңгээлине карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кенже кызмат орду - мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн жогорку билим, муниципалдык кызматчылар үчүн жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2) улук, башкы жана жогорку кызмат орундары - жогорку билим.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан бекитилүүчү типтүү квалификациялык талаптардын негизинде ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды бекитет.
(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 20-ноябрындагы №14-р "Самат Исланович Рыскулов, Инна Владимировна Цой, Дастан Далайбекович…Решение · 20.11.2019 · № 14-р
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2020-жылдын 27-майындагы № 169-27 "Аламүдүн айылдык кеңешинин штаттык тизимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2020 · № 169-27
- Люксембург айылдык кеңешинин 2020-жылдын 29-майы № 160/31/27 "Квалификациялык талаптарды жана штаттык жүрүртмөнү бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2020 · № 160/31/27
- Постановление Ново-Покровского айылного кенеша от 29 сентября 2021 года № 21/V-28 "Об утверждении квалификационных требований ответственного секретаря Ново-Покровского айылного…Постановление · 29.09.2021 · № 21/V-28
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-14" title="14-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>