2-берене
Күчүндө · 20.05.2016 редакциясы
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"корпоративдик башкаруунун кодекси - акционерлердин жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган коомдун ички документи;";
2) 27-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы 3 жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;
2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;
3) коомдун финансылык отчету көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталышы керек;
4) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу.
Кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн облигацияларды чыгаруу үчүн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.".
Берененин тексти 20.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111347/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>