1-берене
Күчүндө · 20.05.2016 редакциясы
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 39-статьяда: 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы үч жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;
2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;
3) коомдун финансылык отчету көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталышы керек;
4) башкаруунун төмөнкү органдарына ээ болушу:
а) катышуучулардын жалпы чогулушу;
б) Директорлор кеңеши;
в) аткаруу органы;
г) текшерүү комиссиясы;
5) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу.
Облигацияларды чыгаруу үчүн кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Облигациялардын эмитенти болуп саналган чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруу кодекси - катышуучулардын жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындасын камтыган коомдун ички документи колдонулат.".
Берененин тексти 20.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111347/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>