88-берене. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
(Берененин аталышы КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгилүү бир мезгилге бекитилген аймактарды жана жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү чараларынын комплекстүү тутуму.
2. Жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан беш жылдык мезгилге иштелип чыгат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын кезектеги үч жылдык мезгили жергиликтүү бюджеттин долбоорун үч жылга түзүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен өнүгүүнүн социалдык-экономикалык болжолун;
2) алдыдагы мезгилге орто мөөнөттүү бюджеттин долбоорун, ал төмөнкүлөр боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү камтыйт;
а) алардын түрлөрүнүн жана булактарынын чегинде бюджеттин ресурстары;
б) бюджеттин чыгашалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программаларынын чеги;
в) бюджеттин теңдештирилгендиги;
г) муниципалдык карыз.
3) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына карата түшүндүрмө кат;
4) мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана милдеттенмелерди баалоо.
4. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу өзгөргөн учурда өнүгүү программасы, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн, кароонун, бекитүүнүн жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн процессинде ресурстардын жана чыгашалардын болжолу такталууга жатат.
5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
88-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (24)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майы № 31 "2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө"Постановление · 26.05.2022 · № 31
- Туз айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-сентябрындагы № 13 "Туз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022- жылдардын орточо мезгилине көрүнүшү" токтомуПостановление · 08.09.2019 · № 13
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025–жылдын 14-марты № 01-3/27 "Нарзан айыл аймагынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү Программасын бекитүү жөнүндө"Постановление · 14.03.2025 · № 01-3/27
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025–жылдын 14-мартындагы № 01-3/28 "2025-2027-жылдарга карата Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү…Постановление · 14.03.2025 · № 01-3/28
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 02 "2025-жылга Нарзан айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2026 · № 02
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 03 "2026-жылга Нарзан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.02.2026 · № 03
- Кара-Балта шаардык кеешинин 2021 жылдын 08-апрелиндеги №04 “Кара-Балта шаарынын 2020-жылдын СЭӨП жыйынтыктары жөнүндө, Кара-Балта шаарынын 2021-жылга карата СЭӨП планын бекитүү…Постановление · 08.04.2021 · № 04
- 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Программа · 18.03.2025 · № 134
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 22-июлундагы 48/XI "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028- жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолунун долбоорун макулдашуу жөнүндө"…Постановление · 22.07.2025 · № 48/XI
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 50/ХII "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028 - жылдарга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн божомолунун долбоорун жактыруу жөнүндө"…Постановление · 11.09.2025 · № 50/ХII
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/03 "Сары-Өзөн айыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2025 · № 01-7/03
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 19 январындагы № 72 "2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2026 · № 72
- Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 10 "Курама айыл аймагынын 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын…Постановление · 27.01.2026 · № 10
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы №01-7/03 "2026-жылга Сары-Өзөн айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын болжолун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2026 · № 01-7/03
- Бишкек шаардык кеңешинин от 30 мая 2023 года № 87 "Об утверждении Программы социально-экономического развития города Бишкек на 2024 год и прогноза на 2025-2026 годы"Постановление · 30.05.2023 · № 87
- Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-июнундагы № 12/IV-28 "Ново-Покровка өкмөтүнүн 2022-2024- жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолунун долбоорун…Постановление · 28.06.2021 · № 12/IV-28
- Гавриловка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-января №17 "2025-2027-жылдарга карата Гавриловка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2025 · № 17
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 "2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2025 · № 44
- Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 25 "Мин-Булак айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын бекитүү…Постановление · 17.01.2025 · № 25
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024 жылдын 16-июлундагы № 26 /VI "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027- жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолунун долбоорун макулдашуу…Постановление · 16.07.2024 · № 26 /VI
24 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-88" title="88-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>