Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 19 январындагы № 72 «2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ I чакырылыштагы XII кезектеги ачык сессиясы
2026-жылдын 19 январындагы № 72
2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кеңештин бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-январындагы “Төрт-Гүл айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2026-жылга карата программасын бекитүү жөнүндө” корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин Төрт-Гүл айылдык аймагы токтом кылат:
1. 2026-жылга карата Төр-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Төрт-Гүл айыл өкмөтү 2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын.
- 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программанын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу Төрт-Гүл айыл кеңешине отчет берсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Ж.К. Маматкеримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59