85-берене. Бюджеттик программалар
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Бюджеттик программа өнүгүүнүн тармактык (сектордук) программаларын жана жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин түзөт.
Бюджеттик программанын так, реалдуу жана жеткиликтүү максаты жана сандык жана/же сапаттык жактан бюджеттик программаны ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү болушу керек.
2. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) бюджеттик программаларда чагылдырылган чыгашалары программалык болуп саналат.
3. Программалык чыгашалардын тизмеги кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттин долбооруна киргизилет.
4. Мамлекеттик органдардын ишинин багыттары боюнча түзүлүүчү, бюджеттик программаларда чагылдырылбаган бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) чыгашалары программалык эмес болуп саналат.
5. Бюджеттик программаларды түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (9)
- Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча Нускама (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна 1-тиркеме)Инструкция · 26.01.2026 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январы № 27 "Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 26.01.2026 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 854 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 349 · Күчүн жоготкон
- 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген "Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө…Инструкция · 30.12.2017 · № 854 · Күчүн жоготкон
- Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 349 токтому менен бекитилген)Инструкция · 24.12.2021 · № 349 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябры № 450 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.09.2018 · № 450 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №349 токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 854
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-85" title="85-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>