75-берене. Мамлекеттик органдардын бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатындагы компетенциясы
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
Мамлекеттик органдар бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегиясын/программасын иштеп чыгат;
2) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын иштеп чыгат жана бекитет;
3) ведомствонун, анын ичинде анын ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетин түзөт жана аткарат;
4) өздөрүнүн ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча ишин координациялайт жана уюштурат;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча ведомствонун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматты даярдайт жана берет;
6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана ресурстардын администраторлорунун реестрине ылайык бюджет ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткарат;
7) өз ишинин чөйрөсүндө ички каржылык контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге ылайык бюджеттик каражаттардын майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана аткарылышынын даректүүлүгүн камсыз кылат;
9) ведомствонун жана ведомстволук караштуулуктагы бюджеттик мекемелердин милдеттенмелери боюнча жооп берет;
10) бюджеттик чыгашалардын стратегияларынын долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…администраторлорунун функцияларын аткарат;
7) өз ишинин чөйрөсүндө алынып салынды: ведомстволук кошулду: ички каржылык контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге алынып салынды: жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык бюджеттик каражаттардын майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана … ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июну № 353 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акча каражаттарын…Постановление · 22.06.2020 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуПостановление · 22.06.2018 · № 298
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-75" title="75-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>