Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
127-берене. Коомдук бюджеттик угуулар
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Коомдук бюджеттик угуулар - сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруу, кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттердин долбоорлорун түзүү маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.
2. Коомдук бюджеттик угууларга материалдар коомдук бюджеттик угууларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайтында жарыяланууга тийиш.
3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоо документтерин жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыктары боюнча коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды жалпылайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө аларга жоопторду жиберет.
5. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2023 · № 249
- Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө жобо (КР…Положение · 15.05.2023 · № 249
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-127" title="127-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>