Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-майы № 249 Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө Бюджеттин ачык-айкындуулугун, ошондой эле бюджеттер жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандык секторунун бюджеттик процесске тартылышын көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126, 127-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (мындан ары - ЖӨБО методикасы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ЖӨБО методикасына ылайык жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү;
2) жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгашкан веб-багытталган тиркемени колдонуу.
3. Жарандык бюджетти түзүү үчүн индикаторлор боюнча маалыматтын өз убагында жана сапаттуу берилишине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январы № 27 "Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттөө жана бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 26.01.2026 · № 27
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 600 "О Программе Правительства Кыргызской Республики по охране здоровья населения и развитию системы здравоохранения на…Постановление · 20.12.2018 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 802 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.12.2024 · № 802
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 токтомуна)Методика · 15.05.2023 · № 249
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасы (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №249 токтомуна)Методика · 15.05.2023 · № 249
- Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө жобо (КР…Положение · 15.05.2023 · № 249
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122