Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
119-берене. Эсепке алуу жана каржылык отчеттуулук
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 22-глава
1. Бухгалтердик эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү аймактын (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алар тарабынан түзүлгөн бюджеттик мекемелердин) каржылык жана каржылык эмес активдеринин жана милдеттенмелеринин абалы жөнүндө жана жогоруда көрсөтүлгөн активдердин, милдеттенмелердин өзгөрүүсүнө алып келүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды топтоонун, каттоонун жана акчалык туюнтууда жалпылоонун иреттелген тутуму.
Бухгалтердик эсепке алуу Бюджеттик классификациянын негизинде иштелип чыккан Эсептердин бирдиктүү планына ылайык жүзөгө ашырылат. Эсептердин бирдиктүү планы - бюджеттик мекемелердин бюджеттерин аткаруу жана чарбалык ишин аткаруу боюнча операцияларды бухгалтердик эсепке алуу үчүн арналган бухгалтердик эсептердин түзүмдөштүрүлгөн тизмеги. Бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү үчүн Эсептердин бирдиктүү планы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана каржылык отчеттуулукту түзүүнүн усулдук негиздери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) каржылык отчеттуулукту түзүүдө бухгалтердик эсепке алуунун жана каржылык отчеттуулуктун бирдиктүү усулун жана стандарттарын сактоо менен ведомстволук (ички) актыларды колдонушат. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) тарабынан каржылык отчеттуулукту берүү, мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, маалымдуулуктун жана айкындуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Запастар" 12-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Финансылык отчеттуулукту берүү" 1-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" 2-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилерин өзгөртүү жана каталар" 3-стандарты (Кыргыз Республикасынын…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн таасири" 4-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Зайым алуулар боюнча чыгымдар" 5-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Отчеттук датадан кийинки окуялар" 14-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Негизги каражаттар" 17-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы…Приложение · 13.01.2023 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы…Постановление · 28.01.2022 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү…Постановление · 13.01.2023 · № 16 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-119" title="119-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>