Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун «Зайым алуулар боюнча чыгымдар» 5-стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна)
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Зайым алуулар боюнча чыгымдар" 5-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Зайым алуулар боюнча чыгымдар" 5-стандарты (мындан ары - 5-МБСУФОС) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулугунун "Зайым алуулар боюнча чыгымдар" 5 эл аралык стандарттарынын (мындан ары - 5-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 5-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонулууга милдеттүү.
3. 5-МБСУФОС бухгалтердик эсепте зайым алуулар боюнча чыгымдар жөнүндө маалыматты чагылдыруу жана финансылык отчеттуулукта көрсөтүүнүн тартибин белгилейт.
2. Аныктамалар
4. Ушул 5-МБСУФОСто төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) зайым алуулар боюнча чыгымдар - бул карыздык каражаттарды алууга байланыштуу уюм тарткан пайыздык жана башка чыгымдар;
2) пайыздык чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) алынган карыздык каражаттар боюнча пайыздык чыгымдар;
б) финансылык ижара жана кызмат көрсөтүүлөргө концессиялык макулдашуулар менен байланышкан финансылык чыгымдар;
в) чет өлкө валютасындагы зайымдарга пайыздар боюнча карызды кайра эсептөөдөн келип чыккан курстук айырмалар;
г) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда төлөөнүн кийинкиге жылдырылышына байланыштуу келип чыккан пайыздык чыгымдар;
3) башка зайым алуулар боюнча чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) зайымдык каражаттарды тартууну уюштуруучунун чыгымдары, юридикалык, консультациялык жана зайымдык каражаттарды алуу менен түздөн-түз байланышкан башка кызмат көрсөтүүлөр.
3. Зайым алуулар боюнча чыгымдарды эсепке алуу тартиби
5. Зайым алуулар боюнча чыгымдар алар келип чыккан мезгилде чыгым катары таанылат.
4. Маалыматты ачуу
6. Финансылык отчеттордо төмөнкү маалыматтар ачылат:
- Зайым алуулар боюнча чыгымдарды чагылдыруу үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясаты;
- отчеттук мезгилде таанылган зайым алуулар боюнча чыгымдар;
- отчеттук мезгилдин башындагы жана аягындагы зайым алуулар боюнча чыгымдарга милдеттенмелердин чоңдугу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү…Постановление · 13.01.2023 · № 16 · Күчүнө кире элек