103-берене. Бюджеттерди аткаруунун негиздери
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88
1. Бекитилген бюджеттерди аткаруу тиешелүүлүгүнө жараша Министрлер Кабинети, Социалдык фонд, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Кезектеги бюджеттик жылдын бюджети жөнүндө ченемдик укуктук акт чыгашаларды жүзөгө ашырууга жана бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укук берет.
Бекитилген бюджеттерди аткаруу акчалай түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сомдор жана тыйындар, санарип сомдор жана санарип тыйындар) менен жүргүзүлөт.
3. Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлүүчү чыгашалар бекитилген бюджеттердин чектеринде, ушул Кодекс тарабынан белгиленген учурларда такталган бюджеттердин чектеринде жүзөгө ашырылат.
4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген/такталган бюджеттин негизинде ыйгарым укуктуу аткаруу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө чыгашалар тиешелүү бюджеттик ассигнованиелердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
103-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…акчалай түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сомдор жана кошулду: тыйындар, санарип сомдор жана санарип тыйындар) менен жүргүзүлөт.
3. Бюджетти аткаруу процессинде … негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 алынып салынды: Мыйзамынын кошулду: , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-январындагы № 125/ХXXI-28 "Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.01.2024 · № 125/ХXXI-28
- Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 1/XV-30 Кен-Булун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Кен-Булун айыл…Постановление · 23.02.2026 · № 1/XV-30
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7-токтомуПостановление · 09.01.2019 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана…Постановление · 09.01.2019 · № 7 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-103" title="103-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>