Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 „Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы „Кыргызтуракжайкоммунсоюз“ мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 июня 2020 года № 362 "Об утверждении Устава государственного предприятия "Кыргызтеплоэнерго" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-06-29.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 9-январы № 7 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 25-пунктунда:
жыйырма жана жыйырма төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; жыйырма үчүнчү абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "шаарчасы" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү "айыл" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Кыргызжылуулукэнергонун төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин эсебинен компенсацияланат:
- калктын жылуулукка жана ысык сууга болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында түзүлгөн;
- "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын кармоого;
2) жогоруда аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-январындагы N 6 жарыяланды
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Тиркеме
"2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын башкаруу СХЕМАСЫ
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын" УСТАВЫ (Кыргыз…Устав · 16.05.2017 · № 287 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы…Постановление · 16.05.2017 · № 287 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго"…Постановление · 29.06.2020 · № 362 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 июня 1996 года N 265 "О передаче объектов социальной сферы акционерного общества "Мин-Куш"Постановление · 13.06.1996 · № 265 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын…Постановление · 27.08.2009 · № 541 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык…Постановление · 24.05.2012 · № 311 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Постановление Правительства КР от 13 июня 1996 года N 265 "О передаче объектов социальной сферы акционерного общества "Мин-Куш"Постановление · 13.06.1996 · № 265 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго"…Постановление · 29.06.2020 · № 362 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №541 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын…Постановление · 27.08.2009 · № 541 · Күчүн жоготкон