1-берене
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары конкурстун натыйжалары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп саналат.";
2) 52-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилсе болот."; расмий тилдеги текстинде "айылного" деген сөз "местного" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "айыл өкмөтүнүн" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат."; расмий тилдеги текстинде "главой айыл окмоту" деген сөздөр "руководителем исполнительного органа местного самоуправления" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган учурда, айыл башчысы кеңеш берүүчү добуш укугу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо катышууга укуктуу.".
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111337/st-1" title="1-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>