Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-20.
КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 14-майы № 58 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары конкурстун натыйжалары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалган муниципалдык кызматчы болуп саналат.";
2) 52-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилсе болот."; расмий тилдеги текстинде "айылного" деген сөз "местного" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "айыл өкмөтүнүн" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат."; расмий тилдеги текстинде "главой айыл окмоту" деген сөздөр "руководителем исполнительного органа местного самоуправления" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган учурда, айыл башчысы кеңеш берүүчү добуш укугу менен тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми шаардык кеңештин жыйналыштарына - тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо катышууга укуктуу.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 27-февралындагы № 115/07/1-1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.02.2018 · № 115/07/1-1 · Күчүн жоготкон