1-берене
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы
"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьяда:
а) 1-бөлүгү "беш жылдан кем эмес жашаган," деген сөздөрдөн кийин "соттуулугу жок," деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимди кийүүлөрү зарыл.";
2) 11-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "алардын аткаруу органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин 5-бөлүгү "Бир почта" деген сөздөрдөн кийин "дареги" деген сөз менен толукталсын;
3) 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Акчалай жазапулдарды бөлүштүрүү Аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилет, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталат.";
4) 33-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-статья. Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле ар түрдүү юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен, жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111325/st-1" title="1-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>