Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Аксакалдар соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КР 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 19-апрели № 46 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьяда:
а) 1-бөлүгү "беш жылдан кем эмес жашаган," деген сөздөрдөн кийин "соттуулугу жок," деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Иштерди кароодо аксакалдар сотторунун мүчөлөрү иш стилиндеги кийимди кийүүлөрү зарыл.";
2) 11-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө "алардын аткаруу органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин 5-бөлүгү "Бир почта" деген сөздөрдөн кийин "дареги" деген сөз менен толукталсын;
3) 29-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-статья. Акчалай жазапулдарды бөлүштүрүү Аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилет, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталат.";
4) 33-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-статья. Аксакалдар сотторун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле ар түрдүү юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен, жергиликтүү кеңештер бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52
- Сүлүктү шаардык кенешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 23 "Сүлүктү шаардык кенешинин «21» февраль 2013-жылкы №10 “Сүлүктү шаардык аксакалдар соту жөнүндөгү Жобого толуктоолорду…Постановление · 29.06.2017 · № 23
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 05.07.2002 · № 113 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 19.02.2024 · № 52
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.