24-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана текшерүүчү кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
1. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен же ыйгарым укуктуу кызмат адамынан текшерүү предметине түздөн-түз байланышы бар документтерди, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;
2) зарыл болгон учурларда документтерден көчүрмө алууга жана документтердин көчүрмөлөрүн чыгарууга;
3) эгерде текшерүүнүн предметине тиешеси бар болсо, объекттерге барууга, жайларды, мүлктөрдү карап чыгууга;
4) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө жазма эскертүүлөрдү милдеттүү аткаруу үчүн берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну четтетүүдөн баш тарткан же мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетпеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө;
6) текшерүү предметине байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардамдарды көрсөтүүгө;
7) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүү башталардан мурда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) бир нускасын берүүгө жана аны текшерүүнүн предмети менен тааныштырууга;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) белгиленген текшерүү жүргүзүүнүн предметине жана ушул Мыйзамга ылайык так текшерүү жүргүзүүгө;
3) текшерүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жумуш убактысында жүргүзүүгө;
4) зарылдык болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маселелери текшерилип жаткан адисинин катышуусунда текшерүүнү жүргүзүүгө;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон же текшерүү жүргүзүлүп жаткан арыздарды (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса), ошондой эле башка документтерди, ошондой эле аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн мыйзамдардын талаптарын көрсөтүүгө;
6) текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдү алууга;
7) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен текшерүүнүн жүрүшүндө айкындалган мыйзам бузууларды негиздөөгө;
8) жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууга;
9) текшерүүнүн жүрүшүндө алынган купуя маалыматтарды жайылтпоого;
10) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан бардык сарптоолорду финансылоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууга;
2) текшерүүгө жаткан талаптарды белгилеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана ылайык келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланбоого;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктар жана ылайык келбестиктер белгилүү болгон учурда аларды четтетүү же өркүндөтүү боюнча сунуштарды тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберүүгө;
4) текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талаптарын сактоо жана туура аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аларга жол бербөө жана бөгөт коюу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүүгө.
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…адамдарына усулдук жана/же практикалык жардамдарды көрсөтүүгө;
7) алынып салынды: ушул Мыйзамда каралган башка укуктарга.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүү … башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүүгө.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-24" title="24-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>