23-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 06.04.2023 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын кызматтык ырастамасын көрсөтүүсүн талап кылууга, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечими, текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган арыз (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса) жана документтер менен таанышууга;
2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынан текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) көчүрмөсүн, ошондой эле текшерүүнүн натыйжасын чагылдырган актынын бир нускасын алууга;
3) текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктары жок адамдын текшерүүсүнө жол бербөөгө;
4) эгерде текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамдарынын талаптары текшерүүнүн предметине тиешеси болбосо, алардын талаптарын аткарбоого;
5) аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн жана текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актылар менен тааныштырууну талап кылууга;
6) текшерилүүгө жаткан мыйзамдарды талаптагыдай аткаруу жана сактоо боюнча усулдук жана/же практикалык жардамдарды (түшүндүрмөлөрдү, консультацияларды) алууга;
7) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынан жүргүзүлгөн текшерүү тууралуу текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууну талап кылууга;
8) текшерүүнүн натыйжасын жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга;
9) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамына ушул Мыйзамда белгиленген тартипте көмөк көрсөтүүгө;
2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамынын мыйзамдуу талаптары боюнча текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды берүүгө;
3) текшерүүнүн предметине байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
4) эгерде текшерүүнүн предмети менен түздөн түз байланышта болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын объекттерин, мүлктөрүн карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүгө;
5) текшерүүгө тийиштүү документтер жана башка материалдар менен иштөө үчүн жумуш ордун берүүгө;
6) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2023 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…арыз (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса) жана алынып салынды: башка документтер менен таанышууга;
2) текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат … турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга;
9) алынып салынды: ушул Мыйзамда каралган башка укуктарга.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө … жана башка материалдар менен иштөө үчүн жумуш ордун берүүгө;
6) алынып салынды: ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарууга.кошулду: (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111311/st-23" title="23-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>