8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы компетенциялары
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагында төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууну жөнгө салуу маселелерин жүргүзөт жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жана алардын байырлаган чөйрөсү жагында көзөмөлдөө тартибин белгилейт; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жана алардын байырлаган чөйрөсү жагында мамлекеттик саясатты аныктайт; мамлекеттик программаларды бекитет жана аларды ишке ашырууну уюштурат; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануу үчүн акы алуу ченемдерин жана тартибин бекитет; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастрын жана эсебин алууну жүргүзүү тартибин бекитет; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, анын ичинде балык корлорун жана суу омурткасыздарын коргоо жана көбөйтүү боюнча иш-чаралардын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат жана көзөмөлдөйт, ошондой эле аларды олжолоо жана кармоо мөөнөттөрүн жана ченемдерин жөнгө салат; жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине мамлекеттик мониторинг жүргүзүү тартибин белгилейт; алгыр куштарды багуу эрежелерин белгилейт; генетикалык ресурстардын, ошондой эле микроорганизмдердин жаңы штаммдарын, биологиялык активдүү заттарды өндүрүүнүн жана пайдалануунун маалыматтар базасын түзүү тартибин бекитет; генетикалык жактан өзгөргөн организмдердин чыгарылышын, биоценоздорго, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү биотехнологиянын башка продуктыларынын өндүрүлүшүн көзөмөлдөйт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
8) 9-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 10-статьяда:
а) аталышында "жана жергиликтүү мамлекеттик акимдиктердин" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурларда:";
10) 11-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 12-статьянын 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 19-статьянын 2-бөлүгүндө "жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, коргоо, пайдалануу боюнча укугу бар атайын мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 20 жана 21-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдарында жана башка ченемдик укук актыларында аныкталчу ушундай аймактардагы өзгөчө кайтаруу режимине ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111302/st-8" title="8-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>