21-статья. Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү
Күчүндө · 22.03.2016 редакциясы
Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери өзгөчө корголууга жатат жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилет. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген популяциялардын санынын жана түзүмүнүн өнүгүүсүнүн терс тенденциясына, популяцияларды сактоого терс таасирин тийгизүүгө же сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн таралуу ареалынын кыскарышына алып келүүчү аракеттерге же алардын уяларын, жумурткаларын, турган жайларын, башка курулмаларын жок кылууга же мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн байырлаган чөйрөсүн бузууга же болбосо мындай жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү олжолоого тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоого аларды алып салуунун көлөмү өзгөчө чектелгенде гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жол берилет.";
14) 23-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саны жөнгө салынууга жаткан жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, ошондой эле тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
15) 24-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын чечими боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
16) 26-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 27-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин биотехнологиялык продуктылардын зыяндуу таасирлеринен коргоо Генетикалык ресурстардын маалыматтар базасын түзүүгө, ошондой эле микроорганизмдердин жаңы штаммдарын, биологиялык активдүү заттарды өндүрүүгө жана пайдаланууга, генетикалык жактан өзгөргөн организмдерди чыгарууга, биоценоздорго, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү биотехнологиянын башка продуктыларын өндүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусусуз тыюу салынат.";
18) 28-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 29-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аңчылык жаныбарларын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
20) 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Аңчылык Аңчылык Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.";
21) 34-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасына тийиштүү мыйзамдары" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жана балык чарбасы жөнүндө мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 37-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-статья. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жашоо-тиричилик аракеттеринин пайдалуу касиеттерин пайдалануу Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жашоо-тиричилик аракеттеринин пайдалуу касиеттерин (кыртыш түзгүчтөрдү, өсүмдүктөрдү чаңдатуучуларды, чөйрөнүн табигый санитарларын жана башкаларды) пайдаланууга аларды алуусуз жана жок кылуусуз, алар байырлаган чөйрөнү начарлатуусуз жана жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объектилерине башка зыяндарды келтирүүсүз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген эрежелерди сактоодо гана жол берилет.";
23) 38-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Алардын жашоо-тиричилик аракеттеринен продуктыларды алуу максатында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдалануу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
24) 40-статьяда:
а) 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 43-статьянын 3-бөлүгүндө ", ал эми аны кийүүнүн эрежелерин жана мөөнөттөрүн жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укугу бар тийиштүү мамлекеттик органдар бекитет" деген сөздөр алып салынсын;
26) 44-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
27) X бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 22.03.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111302/st-21" title="21-статья - Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>