2-берене
Күчүндө · 24.08.2020 редакциясы
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Преамбула "башка аскер кошундарынын аскер кызматкерлерин," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-статьянын 1-бөлүгү "аскердик кызматта," деген сөздөрдөн кийин "прокуратура," деген сөз менен толукталсын;
3) 22-статьянын "а" пунктунун экинчи абзацы "аскер кызматындагы аялдарга," деген сөздөрдөн кийин "прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө," деген сөздөр менен толукталсын;
4) 10-статьянын 2-бөлүгү, 50-статья, 51-статьянын 1-бөлүгү, 54-статьянын 2-бөлүгү, 60-статья ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги," деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы," деген сөздөр менен толукталсын;
5) мамлекеттик тилдеги текстте:
а) 1-статьянын 1-бөлүгүндө, 10-статьянын 2-бөлүгүндө, 16-статьянын 1-бөлүгүндө, 17-статьянын 1-бөлүгүндө 18-статьяда, 23-статьянын "б" пунктунда, 25-статьянын 2-бөлүгүндө, 39-статьянын "а" пунктунда, 45-статьянын 3-бөлүгүндө, 49-статьянын 1-бөлүгүндө, 50-статьяда, 51-статьянын 1-бөлүгүндө, 52-статьянын 1-бөлүгүнүн "б" пунктунун биринчи абзацында, 53-статьянын 2-бөлүгүндө, 54-статьянын 2-бөлүгүндө, 60-статьяда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "мөөнөттөн тышкаркы кызматтагы аскер кызматкерлери,", "үстөк кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери,", "мөөнөттөн ашык кызматтагы аскер кызматчыларынын," деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү," деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 1-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрү, 2-статья, 6-9-статьялар, 16-статьянын 2-4-бөлүктөрү, 19, 21, 22-статьялар, 25-статьянын 1-бөлүгү, 26-статьянын 1-бөлүгү, 27-статья, 28-статьянын 1-бөлүгү, 30-статьянын 1-бөлүгү, 31-статья, 32-статьянын 1-бөлүгү, 38-статьянын "а" жана "б" пункттары, 39, 40, 47 жана 48-статьялар, 52-статьянын 1-бөлүгүнүн "б" пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 56-статьянын 1-бөлүгү, 57, 60-статьялар, 61-статьянын 1-бөлүгү, 62-статьянын 1-бөлүгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аскер кызматкерлери," деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 13 жана 14-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Пенсияларды дайындоонун шарттары Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:
а) кызматтан бошотулган күнгө карата аскер кызматында же прокуратура, ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, каржы полициясында, атайын байланыш кызматында 20 жыл же андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
"б) курагы, оорусу, штаттардын кыскарышы же ден соолугунун абалынын чектелгендиги боюнча кызматтан бошотулган офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар жана кызматтан бошотулган күнгө карата:
- 25 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 12 жыл жана 6 айын аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 50 жаш курагындагы эркектер;
- 20 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 10 жылын атайын наам берилген учурдан тартып аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 45 жаш курагындагы аялдар пенсия алууга укуктуу.
Берененин тексти 24.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111298/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>