14-статья. Пенсиялардын өлчөмдөрү
Күчүндө · 24.08.2020 редакциясы
Көп кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсиялар төмөнкү өлчөмдөрдө дайындалат:
а) 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга (13-статьянын "а" пункту): 20 жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн - акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 55 проценти, ал эми курагына же оорусуна байланыштуу отставкага кеткендерге 60 проценти (45-статья); 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн ар бир жыл үчүн акчалай каражаттардын тиешелүү суммасынын 3 проценти, бирок бардыгы бул суммалардын 80 процентинен ашык болбоого тийиш;
б) жалпы камсыздандыруу стажы бар офицердик курамдагы адамдарга, прапорщиктерге, мичмандарга жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарга: эркектердики - 25, аялдардыкы 20 календардык жыл жана андан ашык болгон, алардын ичинен кеминде 12 жыл жана 6 айын (эркектер) жана 10 жылын (аялдар) атайын наам ыйгарылган учурдан тартып аскердик кызмат же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн (13-берененин "б" пункту): жалпы камсыздандыруу стажы эркектерге 25 жыл үчүн, аялдарга 20 жыл үчүн - 55 процент жана эркектерге 25 жылдан жана аялдарга 20 жылдан ашык стаждын ар бир жыл үчүн акчалай каражаттын тиешелүү суммаларынын 1 проценти (45-статья).";
г) 16-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи абзацы "майып деп табылган" деген сөздөрдөн кийин "аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө," деген сөздөр менен толукталсын;
д) 26-статьянын 3-бөлүгү "кесепеттерин жоюуга катышкан" деген сөздөрдөн кийин "аскер кызматкерлерине, прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө," деген сөздөр менен толукталсын;
е) 31-1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик (согуштук) аракеттердин мезгилинде алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун айынан майып болуп калган аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар:";
ж) 39-статьянын "а" пунктунда "75" деген цифра "130" деген цифрага алмаштырылсын;
з) 45-статьянын 3-бөлүгү жана 52-статьянын 1-бөлүгүнүн "б" пунктунун биринчи абзацы "бул аскер кызматкерлеринин," жана "ал эми аскер кызматкерлеринин," деген сөздөрдөн кийин "прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн," деген сөздөр менен толукталсын;
и) 50-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) расмий тилдеги текстте:
а) 1-статьянын 1-бөлүгү, 10-статьянын 2-бөлүгү, 13-статьянын "а" пункту жана "б" пунктунун биринчи абзацы, 14-статьянын "а" жана "б" пункттары, 16-статьянын 1-бөлүгү, 17-статьянын 1-бөлүгү, 18-статья, 23-статьянын "б" пункту, 25-статьянын 2-бөлүгү, 39-статьянын "а" пункту, 45-статьянын 3-бөлүгү, 49-статьянын 1-бөлүгү, 50-статья, 51-статьянын 1-бөлүгү, 52-статьянын 1-бөлүгүнүн "б" пунктунун биринчи абзацы, 53-статьянын 2-бөлүгү, 54-статьянын 2-бөлүгү, 60-статья ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "военнослужащие сверхсрочной службы," деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "прокуроры и следователи органов прокуратуры," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрү, 2-статья, 6-9-статьялар, 16-статьянын 2-4-бөлүктөрү жана 5-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 19, 21, 22-статьялар, 25-статьянын 1-бөлүгү, 26-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрү, 27-статья, 28-статьянын 1-бөлүгү, 30-статьянын 1-бөлүгү, 31-статья, 31-1-статьянын 1-бөлүгү, 32-статьянын 1-бөлүгү, 38-статьянын "а" жана "б" пункттары, 39, 40, 47 жана 48-статьялар, 52-статьянын 1-бөлүгүнүн "б" пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 56-статьянын 1-бөлүгү, 57, 60-статьялар, 61-статьянын 1-бөлүгү, 62-статьянын 1-бөлүгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "военнослужащие," деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "прокуроры и следователи органов прокуратуры," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 13-статьянын "а" пункту "на службе в органах" деген сөздөрдөн кийин "прокуратуры," деген сөз менен толукталсын;
г) 13-статьянын "б" пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары жана 14-статьянын "б" пункту "или служба в органах" деген сөздөрдөн кийин "прокуратуры," деген сөз менен толукталсын;
д) 45-статьянын 3-бөлүгү жана 52-статьянын 1-бөлүгүнүн "б" пунктунун биринчи абзацы "этих военнослужащих," деген сөздөрдөн кийин "прокуроров и следователей органов прокуратуры," деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 24.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111298/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>