1-берене
Күчүндө · 21.01.2016 редакциясы
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);";
в) он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациядан өтүү жөнүндө чектер, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор, шайлоо комиссияларынын протоколдору, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлерди, саясий партияларды каттоо документтери, участкалардын схемалары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;";
г) жыйырма үчүнчү, жыйырма жетинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтарында "шайлоочулардын тобу,", ", шайлоочулардын топторунун", ", шайлоочулардын тобунун" жана "шайлоочулардын тобунун," деген сөздөр алып салынсын;
д) жыйырма тогузунчу абзацында "тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан" деген сөздөр "электрондук жана кагаз түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) отузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
ж) отуз үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы (ID-картадагы) белги менен аныкталат;";
з) берене төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү - кырк экинчи абзацтар менен толукталсын:
"оператор - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тартылуучу, добуш берүү күнүндө шайлоо участогунда техникалык кызматтарды көрсөтүүчү адис; термопринтер - басма формасын түзбөстөн электрондук түрдөн тексти же графиканы чакан нуска менен физикалык алып жүрүүчүлөргө которуу үчүн арналган компьютердин перифериялык жабдуусу; добуш берүү үчүн ящиктер - автоматтык түрдө эсептөөчү урналар же туруктуу ящиктер, ошондой эле көчмө ящиктер; автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноо үчүн арналган түзүлмө; туруктуу орнотулган ящик - добуш берүү үчүн тунук урна; добуш берүү үчүн көчмө ящик - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган ящик; бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын ишке жөндөмдүүлүгүн жоготуусу; ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын калкын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган; чек - электрондук түрдөн кайра түзүлгөн физикалык алып жүрүүчү, анда басылма формасын түзбөстөн шайлоочунун идентификациялык маалыматтары жөнүндө аз нускалуу маалыматтар чагылдырылат.";
2) 6-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-беренеде:
а) расмий тилдеги 1-бөлүгүндө "группа избирателей," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "шайлоочулардын тобунун," деген сөздөр алып салынсын;
4) 12 жана 13-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмелери
1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, шайлоочулардын тизмесин түзүү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
2. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече жана биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочулардын тизмесин түзүүдө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинен ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салат.
4. Шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жекече маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Ар бир шайлоо участкасы боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет. Шайлоочулардын тизмесин электрондук түрдө өткөрүп берүү электрондук документ жана электрондук санариптик колтамга жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин алган учурдан тартып токтоосуз түрдө аны ачат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына берет.
5. Участкалык шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле убакта Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участоктор, райондор жана шаарлар боюнча жалпылаштырылат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайттарына шайлоочунун туруктуу жашаган жери, туулган датасы жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
Ыйгарым укуктуу органдын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайттарына жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтардын келип түшүүсүнө жараша үзгүлтүксүз жаңыланып турулууга тийиш.
Берененин тексти 21.01.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 136 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111287/st-1" title="1-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>