68-берене. Инспектордун укугу жана милдети
Күчүндө · 01.10.2025 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 октября 2025 года № 206
1. Жарандык авиация жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы инспектор болуп саналат.
2. Мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда жеке жана (же) юридикалык жак, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды албаганда, инспектордун ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.
3. Инспектор өз милдеттерин аткарууда атайын ырастама менен камсыз кылынат жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бардык аба кемелерине, аэропорттордун, аэродромдордун жана вертодромдордун, конуу аянтчаларынын жайларына жана объекттерине, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча объекттерге, стерилдүү чөлкөмдөргө, кирүү чектелген кайтаруудагы чөлкөмдөргө, ангарларга, техникалык тейлөө боюнча уюмдарга, чеберканаларга, перрондорго, күйүүчү май сакталуучу жайларга, күйүүчү май куюучу уюмдарга жана алардын объекттерине, экслуатанттардын кызматтык жайларына, жүктөрдү жайлаштыруу чөлкөмдөрүнө, авиациялык окуу жайларына жана борборлорго, жарандык авиациянын медициналык мекемелерине жана жарандык авиациянын башка объекттерине толук жана тоскоолдуксуз жетүүгө;
2) эксплуатанттардан, жүк жөнөтүүчүлөрдөн, авиациялык коопсуздук кызматтарынан, жарандык авиациянын медициналык мекемелеринен жана башка жарандык авиация уюмдарынан маалыматты, документтерди, авиациялык персоналдардын квалификациясы тууралуу маалыматты авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды кошуп алганда, суратып алууга жана алууга, ошондой эле өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон түшүнүк берүүнү жана материалдарды аларды берүүнүн мөөнөтүн белгилөө менен талап кылууга;
3) эксплуатанттардын, жарандык авиациянын медициналык мекемелеринин жана жарандык авиациянын башка уюмдарынын кызмат адамдарына учуунун коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча жазма буйруктарды аларды аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө менен берүүгө, ошондой эле ушул жазма буйруктардын аткарылышын текшерүүгө;
4) аба кемесинин эксплуатанты менен макулдашуу боюнча учууда болуу укугу менен жарандык аба кемесинин бортунда аба кемесинин кабинасында же аба кемесинин салонунда болууга. Аба кемесинде авиациялык коопсуздуктун талаптарынын бузуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат болгон учурда, аны учуу убагында коштоп барууга;
5) Эгерде бул учуулардын коопсуздук коркунучун болтурбоо максатында зарыл болсо, бул тууралуу жарандык авиация органынын жетекчилигине, ошондой эле бул адам эмгек ишин жүзөгө ашырган жарандык авиация уюмунун жетекчисине токтоосуз кабарлоо менен авиациялык персоналдан кандай гана адамга болбосун жумуштардын түрлөрүнө жеткиликтүүлүктү ырастоочу күбөлүк, тастыктама же башка документ менен берилген ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырууга тыюу салууга;
6) учуу алдындагы кароону жүргүзүүнүн эрежелеринин, ошондой эле өткөрмө жана ички объекттик шарттамдардын сакталышына текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
7) аба ташууларына карата тыюу салынган предметтерди жана заттарды камтыган жол жүктү, жүктү жана почтаны кармоого.
8) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, ведомстволорунан жана мамлекеттик органдарынан керектүү маалыматты жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу маалыматтарды суроого жана алууга.
4. Инспектор жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн мамлекеттик жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
2) кесиптик даярдыктын талап кылынган деңгээлин сактоо үчүн:
а) курстарда окуудан өтүү;
б) авиациялык техниканы иштетүү менен жана (же) авиациялык машыктыргычтарда машыгуудан өтүү;
в) жарандык авиация уюмдарын жана эксплуатанттарды Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде берилген көлөмдө жана деңгээлде кесиптик даярдыкты (квалификацияны) жогорулатуу;
3) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде жана башкы ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипке ылайык инспекция жүргүзүүгө;
4) аудит жана инспекция жүргүзүү мезгилинде жарандык авиация уюмдарынын ишинин белгиленген шарттамына тоскоолдук кылбоого;
5) аба мейкиндигин пайдалануу жаатында жана жарандык авиациянын ишиндеги талаптарды бузуунун алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга.
5. Инспектор учуунун коопсуздугуна коркунуч келтирген негиздер болгон учурда кандай гана жарандык аба кемеси болбосун учуусун кармап турууга укуктуу.
6. Инспектор жарандык авиация органынын жетекчилигине төмөнкүлөрдү сунуш кылууга укуктуу:
1) аудит же инспекция жүргүзүү процессинде табылган бузууларга байланыштуу жарандык авиация жаатында ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга укук берүүчү жарандык авиация уюмунун же аба кемесинин уруксатын же тастыктамасын өзгөртүүнү, колдонууну токтотууну, жокко чыгарууну;
2) авиациялык персоналдын күбөлүгүн өзгөртүүнү, колдонууну токтотууну же жокко чыгарууну же болбосо учуу коопсуздугуна таасир этүүчү табылган бузуулардын натыйжасында квалификациялык белгилерди жокко чыгарууну;
3) иши учуу коопсуздугуна таасир эткен авиациялык персоналдардын компетенттүүлүгүнө же ден соолугунун абалына кошумча баалоону жүргүзүүнү.
(КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Берененин тексти 01.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
68-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 октября 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Воздушный кодекс Кыргызской Республики, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах)"Редакцияларды салыштыруу
01.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…укуктуу:
1) бардык аба кемелерине, аэропорттордун, аэродромдордун кошулду: жана вертодромдордун, конуу аянтчаларынын жайларына жана объекттерине, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча объекттерге, стерилдүү чөлкөмдөргө, алынып салынды: кирүүсү кошулду: кирүү чектелген кайтаруудагы чөлкөмдөргө, ангарларга, техникалык тейлөө … алардын объекттерине, экслуатанттардын кызматтык жайларына, жүктөрдү алынып салынды: тейлештирүүчү чөлкөмдөргө, кошулду: жайлаштыруу чөлкөмдөрүнө, авиациялык окуу жайларына жана алынып салынды: борборлорго кошулду: борборлорго, жарандык авиациянын медициналык мекемелерине жана жарандык авиациянын башка объекттерине толук жана тоскоолдуксуз жетүүгө;
2) эксплуатанттардан, жүк жөнөтүүчүлөрдөн, авиациялык коопсуздук алынып салынды: кызматтарынан кошулду: кызматтарынан, жарандык авиациянын медициналык мекемелеринен жана башка жарандык авиация уюмдарынан маалыматты, документтерди, … аларды берүүнүн мөөнөтүн белгилөө менен талап кылууга;
3) алынып салынды: эксплуатанттардын кошулду: эксплуатанттардын, жарандык авиациянын медициналык мекемелеринин жана жарандык авиациянын башка уюмдарынын кызмат адамдарына алынып салынды: жана жарандык авиация уюмдарына учуунун коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча жазма алынып салынды: буйрукту кошулду: буйруктарды аларды алынып салынды: аткаруунун мөөнөтүн кошулду: аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө менен берүүгө, ошондой эле ушул жазма буйруктардын … жана заттарды камтыган жол жүктү, жүктү жана почтаны кармоого.
кошулду: 8) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, ведомстволорунан жана мамлекеттик органдарынан керектүү маалыматты жана учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыздоого байланыштуу маалыматтарды суроого жана алууга.
4. Инспектор жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын … же ден соолугунун абалына кошумча баалоону жүргүзүүнү.
кошулду: (КР 2025-жылдын 1-октябрындагы № 206 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын аба кемесинин эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмо (КР Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын…Руководство · 16.02.2023 · № 130/п
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 08 «О внесении изменений в «Руководство по выдаче…Приказ · 14.11.2025 · № 08
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111262/st-68" title="68-берене - Кыргыз Республикасынын Аба (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>