16-берене. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалар мекемелер жана уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу менен калкты убактылуу иш менен камсыз кылуу максатында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
1-1. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган багыттарга ылайык көмөкчү, квалификациялуу эмес жана квалификациялуу жумуштардын түрлөрү катары региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулат.
3. Долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын эмгек акысына кошумча төлөө катарында сарпталган каражаттардын жалпы суммасынан ашпаган өлчөмдө долбоордун материалдык сарптоолорун каржылоого жол берилет.
4. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга ылайыктуу жумуш табуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган, ошондой эле расмий жумушсуз статусун алган жарандар укуктуу.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган адамдардын электрондук маалымат базасын жүргүзөт.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган адамдардын электрондук маалымат базасын жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул албаган, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 6 айдан ашык каттоодо турган, өз багуусунда 16 жашка чейинки курактагы үчтөн ашык баласы бар расмий жумушсуздар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууга артыкчылыктуу укукка ээ.
7. Жумушсуздардын акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышуусуна алардын макулдугу менен гана жол берилет. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жиберүүдө жарандардын ден-соолугу, курактык, кесиптик жана башка жеке өзгөчөлүктөрү эске алынат.
8. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышууну каалаган жумушсуздар же жумуш издеген жарандар менен мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт. Мөөнөттүү эмгек келишими жумушсуз жана жумуш издеген жарандар тарабынан ал туруктуу же башка жумушка орношкондо мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
9. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандардын эмгек акысы акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруучулардын каражаттарынан иш жүзүндө аткарылган иштер үчүн төлөнөт.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда эмгектенген жумушсуздарга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 9-1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн агенттер тартылат. Агенттерди тартуу жана иштөө тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
10. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандарга Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары колдонулат.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2018 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере социальной защиты"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 октября 2017 года № 178 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуу максатында акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурушат.
1-1. алынып салынды: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында акы төлөнүүчү коомдук иштерди келишимдик негизде уюштурат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган багыттарга ылайык алынып салынды: көмөкчү кошулду: көмөкчү, квалификациялуу эмес жана алынып салынды: квалификациясыз иштердин кошулду: квалификациялуу жумуштардын түрлөрү катары региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу … жумушсуздарга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: 9-1. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар линиясы боюнча алыскы аймактардагы жумушсуз калкты тейлөө үчүн агенттер тартылат. Агенттерди тартуу жана иштөө тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
10. Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда иштеген жарандарга Кыргыз … № 99, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № алынып салынды: 33 кошулду: 33, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-апрелиндеги № 208 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 06.06.2019 · № 281
- Постановление Правительства КР от 29 октября 1998 года №707 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О содействии занятости населения"Постановление · 29.10.1998 · № 707 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөЗакон · 17.03.2023 · № 61
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111258/st-16" title="16-берене - Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>