Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 03.08.2015 редакциясы
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статьяда "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-статьянын 5-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "ЖААК органы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарандык абалдын актыларын жазууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 7-статьянын 4-бөлүгү "адамдын өзүнө" деген сөздөрдөн кийин "же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 8-статьяда:
1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бул жалдоочулар камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган аймактык органдарына" деген сөздөр "бул жалдоочулар камсыздандыруу акыларын төлөөчү катары катталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр алып салынсын; "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьяда:
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жекече эсепке алуу үчүн адамдарды алгачкы жолу каттоодо иштеген ар бир адам жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө берилет;"; 3-бөлүгүндө "өзүнүн социалдык жактан коргоо күбөлүгүн" деген сөздөр "жекече идентификациялык номеринин болушун ырастаган документин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "социалдык жактан коргоо күбөлүгү" деген сөздөр "жекече идентификациялык номеринин болушун ырастаган документ" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 11-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби Жекече эсепке алуу маселелери боюнча талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.".
Берененин тексти 03.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111256/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>