Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 03.08.2015 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, камсыздандыруу салымдарын жыйноо, камсыздандыруу салымдарын эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу, ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы.".
2. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Камсыздоочунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздоочу төмөнкү укуктарга ээ:
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын уюштурууга; жеке топтолуучу пенсиялык камсыз кылуу системасын уюштурууга; Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондду уюштурууга жана башкарууга; пенсиялык активдерди башкаруучу компанияларга ишенимдүү башкарууга которууга; камсыздандырылган адамдардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешелерди бөлүштүрүүгө; пенсияларды, пособиелерди төлөөнү жүзөгө ашырууга; пенсиянын топтолуучу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөнү жүзөгө ашырууга; юридикалык жана жеке жактардан пенсияларды жана пособиелерди дайындоого жана төлөп берүүгө байланышкан документтерди берүүнү талап кылууга; пенсияларды төлөө боюнча мыйзамдардын табылган бузууларын камсыздандыруучулардан четтетүүнү талап кылууга; Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык администрациялык айыптарды салууга; ушул Мыйзамда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Камсыздоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар, пособиелер жана компенсациялар менен камсыз кылуу бөлүгүндөгү мыйзам менен корголуучу укуктарын сактоого; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга; камсыздандырылган адамдарга пенсияларды жана пособиелерди туура жана өз убагында эсептөөнү жана төлөп берүүнү камсыз кылууга; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча тиешелүү отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жогору турган органдарга өз убагында берүүгө; пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик топтоо пенсиялык фонддун каражаттары боюнча тиешелүү отчетту өз убагында берүүгө; камсыздандырылган адамдын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башкаруучу компанияларга же жеке пенсиялык фонддорго же топтолуучу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен иштеген жана пенсиялык топтоолорду башкарууга укуктуу башка түзүмдөргө камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин башкаруу үчүн жиберүүгө; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга.".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-статья менен толукталсын:
"8-1-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү укуктарга ээ:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучуга карата финансылык санкцияларды колдонууга; камсыздандыруучулардын (өзгөчө иш режиминдеги ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды, ички иштер, прокуратура жана коргоо органдарын, сотторду, банктарды кошуп алганда) камсыздандыруу салымдарын эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан эсептерин, акчалай жана бухгалтердик документтерин, кирешелер жөнүндө декларацияларын жана башка документтерин текшерүүгө, операциялар жана эсептеринде, кассаларында акчалай каражаттардын болушу жөнүндө жана текшерүүлөрдө пайда болгон башка маселелер боюнча зарыл болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды алууга; ишканалардын жана граждандардын пайда (киреше) алуу үчүн пайдаланылган, социалдык камсыздандыруу салымдарын төлөө үчүн эсепке алынган кандай гана болбосун өндүрүштүк, кампалык, соода жана башка жайларын (күркөлөрдү, чатырларды, көчөлөрдөгү автотранспорт токтоочу жайларды, соода түйүндөрүн кошуп алганда) тиешелүү эрежелерди сактоо менен иликтеп чыгууга; текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүгө башка уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан контролдоочу органдардын квалификациялуу адистерин тартууга; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоосунун болгондугун текшерүү боюнча рейддик контролду жүзөгө ашырууга; камсыздандыруучулардан камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын табылган бузууларын четтетүүнү талап кылууга; камсыздандыруу салымдарын төлөө боюнча табылган эреже бузууларды четтетүү жөнүндө талаптар аткарылбаган, текшерүүгө жол берилбеген же социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жана төлөөлөрдү эсептөө жана төлөө менен байланышкан документтерди кызмат адамдарына бербеген учурларда камсыздоочунун мекемелердеги, банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептери боюнча операцияларын токтото турууга; ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында каралган камсыздандыруу салымдары, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча милдеттүү төлөмдөрдүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммаларын камсыздандыруучунун бюджетине төлөтүп алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте камсыздандыруучулардын мүлкүнөн өндүрүп алууга; администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык кароого; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартууга; эгерде мажбурлап өндүрүү камсыздандырылуучунун жоюлушуна же банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болсо, камсыздандыруу салымдары боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары бар жана оор финансылык абалына байланыштуу аны төлөө үчүн мүмкүнчүлүгү жок болгон камсыздандырылуучуларга камсыздандыруу салымдары, үстөктөр, айып акылар жана башка финансылык санкциялары боюнча карыздарын тындыруу мөөнөтүн узартууга (кийинкиге жылдырууга); камсыздандыруу салымдарын өз убагында же толук төлөбөгөнү үчүн төлөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үстөктөрдү жана айып акыларды эсептөөгө.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сактоого; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды жүзөгө ашырууга; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарынын туура эсептелишин, өз убагында төлөнүшүн жана которулушун контролдоону жүзөгө ашырууга; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык жана башка санкцияларды колдонууга жана өз убагында өндүрүп алууга; камсыздоочуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча отчетту өз убагында берүүгө.".
4. 23-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Камсыздандыруу салымдарын төлөөнү жана социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоону контролдоо
1. Камсыздандыруу салымдарын эсептөөнү, төлөөнү жана камсыздандырылган адамдардын маалыматтарынын аныктыгын контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоону контролдоону Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңешинин чечими боюнча камсыздоочу же көз карандысыз аудитордук уюмдар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка органдар жүзөгө ашырат.".
Берененин тексти 03.08.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111256/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>