91-берене. Административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүчү чыгашалар
Күчүндө · 12.02.2025 редакциясы · 14-глава
1. Эгерде бул иш алардын ушул администрациялык органдагы кызматтык же эмгектик милдеттерине кирбеген учурда, административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда эксперттердин жана котормочулардын ишине акы төлөнөт.
2. Административдик жол-жобону жүзөгө ашырууда күбөлөрдүн, эксперттердин жана котормочулардын катышуусуна байланышкан чыгашаларга ал жактарды администрациялык органдардын кайсынысы (мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) чакыргандыгына жараша республикалык бюджеттин, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
Эгерде эксперт жана котормочу административдик жол-жобонун кайсы бир катышуучусу тарабынан чакырылса, анда тиешелүү чыгашаларды ошол катышуучу тартат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жактарга тиешелүү акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө, ал эми алар административдик жол-жобонун кайсы бир катышуучусу тарабынан чакырылган учурда - алардын ортосундагы макулдашуу менен белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнөт.
Берененин тексти 12.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111254/st-91" title="91-берене - Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>